Соңку жылдары ата мекендик дизайнерлер тиккен кийимдер кыргызстандыктардын кызыгуусун жаратууда. Жергиликтүү айымдарды дизайнерлер бренддери жана баалары менен тартат. Мындай иш-чараны шоу-рум "Мода үйү" быйыл экинчи ирет өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө аяктаар замат саркеч айымдар дароо буйрутма берип, кийимдерди ошол жерден эле талап кетишти.
Мода: Кыргызстанда күз-кыш сезону ачылды

1
Мода көргөзмөсүндө он дизайнердин эмгеги көрсөтүлдү.

2

3
Кыргызстандык дизайнерлер акыркы күз-кыш коллекциясы менен тааныштырды.

4

5
Кийимдердин форма, фасон, кездемелери да ар түрдүү.

6
Бул сезондун тренди жумшак жагымдуу өңдөрдөгү бархат кездемесинен тигилген кийимдер.

7
Уюштуруучулар жергиликтүү дизайнерлердин эмгектерине суроо талап жогору экенин, аны менен бирге баасы да кымбат эмес дешет.

8

9

10
Ар бир кийим өзгөчө жана бир экземплярда даярдалган. Күнүмдүк ишке кийчү костюмдан тарта кечки кооз көйнөктөрдөн бери көрсөтүлдү.

11
Бул кийимдердин баары шоу-рум "Мода үйүндө" сатыкка коюлат. Уюштуруучулар жергиликтүү дизайнерлердин эмгектери Түркия, Кытай өлкөлөрүнөн келген кийимдер менен атаандаштыкка туруштук беришет деп ишендиришти.