Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Манас” эпосундагы оң каармандардын ысымын мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларга, чыгарылган товарларга ыйгарууга чектөө киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору 7-июлга чейин коомдук талкууга коюлду.
Анда министрлик мындай жоболор “Манас” эпосун жана анын тарыхый, маданий баалуулугун коргоо экени жазылган. Мындан ары юридикалык же жеке жак “Манас” эпосундагы оң каармандардын ысымын пайдалануу үчүн атайын түзүлгөн комиссиядан уруксат алышы керек. Ал үчүн ысымдын колдонулушу кыргыз тилинин жана маданиятынын ченемдерине, салттарына ылайык келиши керек жана аттар сауна, тамеки продукцияларына берилбеши керек. Коомчулукта терс көрүнүш менен байланыштырган товарларга же жайларга колдонууга уруксат берилбейт.
Эпостогу негизги оң каармандар деп 13 ысым - Манас, Семетей, Сейтек, Акбалта, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро, Ажыбай аныкталган.
“Манас” эпосундагы каармандардын ысымдары, эгерде бул адеп-ахлак ченемдерине каршы келбесе, ошондой эле маданий мурастын маанисин бурмалоого алып келбесе, объекттердин аталыштарында колдонулушу мүмкүн (анын ичинде ишканалар, мекемелер, уюмдар, кыймылсыз мүлк объекттери, буюмдар жана бренддер). Эпостогу башкы ысымдарды пайдалануу кыргыз элинин маданий жана тарыхый салттарын сактоо, аларды урматтоо менен байланыштуу болушу керек”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.
Түзүлгөн комиссияда 11 мүчө болот жана ал бир катар министрликтердин, Улуттук илимдер академиясынын, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Буга чейин коомчулукта “Манас” эпосундагы негизги каармандардын ысымынын алкоголдук ичимдиктерге берилип келгени сынга алынып жүрөт. Бул маселе парламентте бир нече ирет көтөрүлгөн.
Шерине