Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Бишкектин вице-мэри Байгазиев пара алууга шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиев опузалап пара талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин 30-июндагы маалыматында, ал мурда алган 35 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттаын бир бөлүгүн кайтарып берип жатканда кармалган.

“Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат”, – деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Байгазиев атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Таалайбек Байгазиев былтыр июнда Бишкек шаарынын энергетика боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Ага чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG