Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Орусия: Биометрика тапшырбаган чет элдиктердин мобилдик байланышы өчүрүлөт


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

1-июлдан тарта Орусияда жүргөн, бирок биометрикалык маалымат тапшырбаган чет элдиктердин мобилдик байланышы өчүрүлөт. Бул тууралуу Орусиянын Санарип министрлиги шейшембиде билдирди.

Мекеменин маалыматында быйыл жыл башынан тарта Бирдиктүү биометрикалык системада катталган гана чет элдик жарандар мобилдик байланыш оператору менен келишим түзө алары белгиленет. Бир жаран өз атына 10дон ашык сим-карта каттата албайт.

Ушул тапта жаңы эрежеге ылайык 2 миллион чет элдик каттоодон өткөн. Эрежени бузгандар бир катар чектөөлөргө туш болот. Үч айдан ашуун колдонулбаган номурлар жарактан чыгат. Каттоодон өтпөгөндөрдүн иштеген номурлары адегенде эл аралык жана шаар аралык байланыштан ажыратылып, интернет байланышы жайлайт. 30 күндөн кийин байланыш токтотулат. Бул маалда колдонуучу жаңы эрежеге ылайык келишим түзүүсү шарт.

Быйыл 1-январдан тарта чет элдиктердин сим-карта сатып алуусу катаалдашкан. Мындай чараны орус бийлиги телефондон жасалган коз боёмочулукка жана көмүскө иштерге каршы күрөш менен түшүндүргөн.

2024-жылы Роскомнадзор мобилдик байланыш оператору менен аты-жөнүн тастыктабаган чет элдиктердин 9 миллиондон ашуун сим-картасын бөгөттөгөн. 13 миллиондон ашуун номерди пайдаланып жүргөн 6 миллиондон ашуун кишинин тек-жайы расмий тастыкталганын орус медиасы жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG