Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Мейманканадагы окуя боюнча бийчи Жан Воинов кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Шератон" мейманканасында кыздар сабалган окуяга шек саналып, бийчи Жан Воинов кармалды. Ал кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалып, 48 саатка камалды.

Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан да "Азаттыкка" ырасташты. Ага ылайык, Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280- беренеси ("Бейбаштык") менен шектелип кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соцтармактарда "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркектер үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салган тартылган тасма тараган. Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан эркек адамды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттары азырынча комментарий берише элек.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG