Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Ысык-Көлгө чөгүп бараткан кыздарды сактап калган милиционер сыйланды


Мурат Боронов жана Сыймык Токтогул уулу. Ысык-Көл. 4-июль, 2025-жыл.
Мурат Боронов жана Сыймык Токтогул уулу. Ысык-Көл. 4-июль, 2025-жыл.

4-июль күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы Мурат Боронов көлгө чөгүп бараткан үч кызды аман-эсен алып калган милиция кызматкери Сыймык Токтогул уулун "Ардак грамота" менен сыйлады.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кайгуул-күзөт кызматкери Сыймык Токтогул уулу 1-июлда Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда үч кыздын өмүрүн сактап калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.

2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG