Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Москвадагы азербайжан диаспорасынын жетекчиси орус жарандыгынан ажыратылды


Эльшан Ибрагимов
Эльшан Ибрагимов

"Москва облусундагы азербайжандардын аймактык улуттук-маданий автономиясы" коомдук уюмунун жетекчиси Эльшан Ибрагимов орус жарандыгынан ажыратылгандыгын медиа каражаттары кабарлады.

Ибрагимов жергиликтүү басылмага бул маалыматты бышыктап, бирок себебин бир нече күндөн кийин Азербайжанга кайтып барган соң айтып берерин билдирди.

РБК басылмасы аны жарандыктан чыгаруу тууралуу чечим 18-июнда "Орусия Федерациясынын улуттук коопсуздугуна коркунуч түзгөн аракеттерди жасаган" деген негизде алынганын өз булактарына таянып жазды.

Ибрагимов жарандыктан ажыратылганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Москва облусунун Коомдук палатасы анын аты-жөнүн кеңештин курамынан өчүрүп салган.

Ибрагимов 1967-жылы Азербайжанда туулган. 1997-жылдан тарта Москва облусунда жашап, 2018-жылдан бери азербайжандардын аймактык уюмун жетектеген.

3-июлда Москвада Вагиф Бакинский деген каймана ат менен таанымал криминалдык лидер Вагиф Сулейманов кармалды. Ал Москванын сыртындагы Сахарово миграциялык борборунда үч ай отуруп, андан кийин Азербайжанга депортацияланат.

Азербайжан менен Орусиянын алакасы 27-июнда Екатеринбургда 50дөй азери тектүү адам кармалгандан кийин курчуган. Анда эки адам каза тапкан. Экөө оор жараат алган.

Бул окуяга жооп катары Баку өлкөдөгү орусиялыктарды кармай баштады. 1-июлда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, жети адам кармалган. Ошондой эле Орусиядан келген сегиз IT-адис "уюшкан кылмыштуу топ түзүп, киберкылмыш жана Ирандан маңзат аткезчилиги менен алектенген" деп айыпталууда. Сотко алар бети-башы көгала болуп жетирилген.

Эки өлкөнүн дипломатиялык тиреши уланууда, Москва менен Баку бири-бирине нааразылык нотасын тапшырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG