Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11
Украинадагы чабуулдардын биринин кесепети

Түз ободо Херсондо оорукана артиллерия менен аткыланып, сегиз киши жараат алды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:40

Украинанын Херсон шаарында Орусиянын соккусу ооруканага тийип, сегиз киши жараат алды.

Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдиргендей, түндө орус армиясы оорукананы артиллерия менен аткылаган.

Жараат алгандардын бешөө сыркоолор, үчөө медайым.

Оорукананын терезелери сынып, палаталар талкаланган.

18:07 1.7.2025

Украинанын Днепропетровск облусунун бийлиги шейшембиде Камянск району орус армиясынын чабуулуна кабылганын билдирди. Өрт чыкканда адам өмүрү кыйылып, жарадарлар бар экенин облустун аскердик администрация башчысы Сергей Лысак Телеграм-каналына жазды. Ал дагы жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады.

Орус армиясы Днепрге ракета жана дрон менен такай чабуул коюп келатат. 24-июнда шаарга жасалган чабуулда ондогон киши набыт болуп, жүздөй тургун жараат алган. Шаар башчы Борис Филатов бул чабуулду Орусия согуш баштаган үч жыл ичиндегт эң катуу соккунун бири деп сыпаттаган.

Николаев облусунун аскердик администрация башчысы Виталий Ким 1-июлда эртең мененки соккуда бир киши набыт болуп, дагы бирөө жараат алганын билдирди.

75 жаштагы ардагер өз короосунда набыт болуп, анын 76дагы жубайы жарадар экенин Ким Телеграмга жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Днепропетровск Николаев облустарына жасалган чабуулдары тууралуу комментарий берген жок. Москва 2022-жылы согуш башталгандан тарта Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын мойнуна албайт.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 1-июлдагы маалыматында абадан коргоо системасы Орусиянын 52 дронунун 47син атып түшүргөнү айтылат. Анын алдыңкү түнкү дрон чабуулуна Запорожье облусу кабылганы кабарланган.

15:18 30.6.2025

30-июнга караган түнү Орусия Украинанын аймактарына баш-аягы 107 дрон учурду. Алардын 74ү атып түшүрүлгөнүн Украинанын армиясы дүйшөмбүдө билдирди.

Дрон чабуулдарынан улам Харьков облусундагы Песочин кыштагында сегиз киши жараат алды. Алардын арасында бир өспүрүм бар. Дергачи шаарында жеке компаниянын кампасы жана айыл чарба ишканасынын имараты күйүп кетти. Курортное айылында санаторийдин имаратында өрт чыкты.

Мындан тышкары Днепропетровск облусунун бир нече районунда жергиликтүү ишканаларга, турак-жайларга зыян келди. Дүйшөмбүнүн таңында Кривой Рог да алыстан башкарылган дрондордун чабуулуна туш болуп, андан кеминде үч киши жараат алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 30-июнга караган түнү Украинанын 15 дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка ылайык, бул дрон чабуулдарынын үчтөн бири Курск облусунда болгон.

Украин куралдуу күчтөрү кабарлагандай, соңку бир сутка ичинде согуш тилкесинде орус жана украин күчтөрүнүн ортосунда 130дан ашуун кагылышуу болду. Негизги кармаштар Покровск аймагында жүрүп жатат. Украин армиясы бул багытта акыркы бир күн ичинде Орусиянын 37 чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. Мындан тышкары орус күчтөрү Лиман, Новопавловск багыттарында да чабуулдарын улантууда.

Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу башталганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек

17:20 29.6.2025

Киев орусиялык күчтөр өткөн түнү Украинанын аймагына 500дөн ашуун дрон жана ракета учурганын билдирди. Бул согуш башталгандан берки эң ири аба чабуулдарынын бири болуп калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-июнга караган түнү өлкө аймагы орус-иран өндүрүшүнөн чыккан 477 Shahed дрону жана ар кандай үлгүдөгү 60 ракета менен аткыланганын билдирди.

"Смела шаарындагы турак үйгө сокку урулуп, бир бала жараат алды", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Украинанын чыгышындагы Черкассы облусуна жасаган чабуулдан алты адам жарадар болгонун облустук аскердик администрация билдирди.

Зеленский Орусияны “жашоого керектүү нерселердин баарын бутага алды” деп айыптады.

Президент өз билдирүүсүндө украиналык учкуч Максим Устыменко Орусиянын аскерлеринин аба чабуулдарын тосуп жатып курман болгонун белгиледи.

"Ал жети куралды жок кылды", - деген Зеленский Украинанын аба күчтөрүнө “асманыбызды каармандык менен коргоп жатат” деп ыраазычылык билдирди.

Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Украинага колдоо көрсөтүүнү улантууга чакыды, бул өлкө өзүн Орусиянын чабуулдарынан коргой алышы үчүн керек экенин белгиледи.

"Украина абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек - бул өмүрдү сактоого өбөлгө. Бул үчүн америкалык системаларды сатып алууга даярбыз. Биз АКШнын, Европанын жана бардык өнөктөштөрүбүздүн лидерлигине, саясий эркине жана колдоосуна таянабыз", - деп жазды ал.

Украинанын аскер аба күчтөрү билдиргендей, түндө дрондор менен ракеталардын ичинен 249у атып түшүрүлгөн, ал эми 225 дрон радардан жоголгон.

Соккудан жабыр тарткан Смела шаарындагы үй.
Соккудан жабыр тарткан Смела шаарындагы үй.

Аба күчтөрүнүн байланыш бөлүмүнүн башчысы Юрий Игнат Associated Press агенттигине бул Орусиянын 2022-жылдын февралынан бери Украинага жасаган “эң ири аба чабуулу” болгонун айтты.

Украинанын өзүнө жакын аймактарына болгон чабуулдан улам Польша учактарын абага көтөрүп, аба мейкиндигин коргоо чараларын көргөнү маалым болду.

Украинанын кеминде алты аймагына, анын ичинде батыштагы Львов, Ивано-Франковск, түштүктөгү Николаев, түштүк-чыгыштагы Запорожье, борбордук Полтава облустарына урулган соккулар адам өмүрүнө жана турак жайларга олуттуу зыян келтирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG