Депутаттар аткезчиликти талкуулашты
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты. Депутаттар Кыргызстанда контрабанда тыйылбай, кылмыштуулуктун саны көбөйүп жатканын сынга алышты. Өкмөт чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл камералар орнотулуп, аткезчиликке системалуу бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын билдирүүдө. Атказчилик маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйынында накталай акчаны чек ара аркылуу алып өтүүдөгү көмүскө иштер боюнча «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу бир нече депутат маселе көтөрдү.
Чыгарылыштар
-
Июль 02, 2025
Садыр Жапаров Москвага эмнеге барды?
-
Июль 02, 2025
Баткендиктер ойногон тасма, Шанхайдагы жеңиш
-
Июль 01, 2025
Жолдогу жемкорлук: Кара-Балтанын мэри кармалды
-
Июль 01, 2025
Баку-Москва: "Спутниктеги" тинтүү, азери диаспорасы