Байсалов Кыргызстанда айлана-чөйрөнүн булганышын “адам укуктары жаатындагы биринчи маселе” деп атады

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айлана-чөйрөнүн булганышын Кыргызстандагы “адам укуктары жаатындагы биринчи маселе” деп атады. Ал бул сөзүн дүйшөмбү күнү Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Байсалов Бишкекте, ири шаарларда жана кыштактарда калктын таза абага болгон укугу бузулуп жатканын билдирип, бул маселе кыргызстандыктардын “өмүрүнө жана ден соолугуна эң реалдуу жана узак мөөнөттүү коркунуч” экенин белгиледи.

"Мен балдарга, карыларга тийгизген зыяны, респиратордук жана башка оор илдеттердин көбөйүшү тууралуу кеңири токтолбойм. Экономикалык зыяны да абдан чоң. Бирок эң негизгиси, биз бир нерсени ачык түшүнүшүбүз керек. Жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укук – бул адамдын негизги, фундаменталдык укугу. Мен, Министрлер Кабинетинин өкүлү катары, ачык моюнга алгым келет: эгерде үч-төрт жыл мурун мурунку бийликтин жоопкерчилигине шылтоо кылууга мүмкүн болсо, анда бүгүнкү күндө бул көйгөйдүн чечилбегендиги – бул биздин кемчилигибиз”, - деди Байсалов.

Ал бул маселеде мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык аткаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү керек экенин кошумчалады.

Соңку жылдары Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын катарына утур-утур кошулуп жүрөт. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, көк түтүн каптайт.

Координациялык кеңештин 30-июндагы жыйында Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу негизги маселелер талкууланганы өкмөттүн расмий маалыматында айтылган. Бирок анда бул милдеттенмелер канчалык аткарылып жатканы, өлкөдөгү адам укуктарын чектеген башка жагдайлар тууралуу канчалык сөз болгону белгиленген эмес.

Freedom House, Human Rights Watch, Amnesty International жана “Чек арасыз кабарчылар” сыяктуу эл аралык уюмдар Кыргызстанда соңку жылдары сынчыл көз караштагы активисттердин, журналисттердин кармалышына же жоопко тартылышына, бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттары туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип келишет.

Дагы караңыз

Баку: "Спутниктин” кеңсесиндеги рейдде эки киши кармалдыИзраил Газадагы бир нече аймакка абадан сокку урдуУКМК Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшеновду кармаганы кабарланды Орусия 15 европалык медианын сайтын бөгөттөдүЭки жолу камалган экс-чиновниктин Нарындагы жол курулушуна кандай тиешеси бар?