25-июнда Бруклиндин федералдык сотунда кыргызстандык Сергей Жарновников мыйзамсыз курал сатууга аралашканын мойнуна алды. Расмий маалыматта айтылгандай, ал америкалык өндүрүштөн чыккан 1,6 миллион долларлык ок атуучу курал-жаракты АКШдан Орусияга мыйзамсыз экспорттогон деп айыпталган. Сот аны 20 жылга чейин абакка кесиши мүмкүн.
"Америкалык курал-жаракты Орусияга жиберүү үчүн Жарновников АКШнын экспорттук көзөмөлүн атайын бузган", - деди башкы прокурордун улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Айзенберг.
"АКШнын мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз курал-жарак саткан топтордун ишин токтотуп, жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо мекемелери менен тыгыз кызматташабыз".
"Айыпталуучу америкалык курал-жаракты сатып алып, Орусияга жибергенин мойнуна алды", - деди Нью-Йорктун Чыгыш округунун федералдык прокурору Жозеф Ночелла.
"Анын күнөөсүн мойнуна алганы масштабдуу иликтөөнүн жыйынтыгы, адамды кырган курал-жаракты саткандарга жана Орусияга АКШнын санкцияларын айланып өтүүсүнө жол бербейбиз".
Соттук материалдарда Жарновников Бишкекте курал-жарак саткан компаниянын ээси экени белгиленет. 2022-жылдын мартынан тарта башка шериктери менен АКШнын Соода министрлигинин көзөмөлүндө турган курал-жаракты Орусияга саткан кутум ишке аралашкан. Ал 1 582 836,52 долларлык курал-жабдыкты мыйзамсыз эскпорттогон.
Иштин бир эпизодунда айтылгандай, ал америкалык компания менен Кыргызстанга 900 миң долларлык курал-жарак сатып алууга беш жылдык келишим түзгөн. АКШнын Соода министрлиги куралды Кыргызстанга гана экспортоого, андан ары Орусияга жиберүүгө тыюу салуу шарты менен лицензия берген. Мындай чектөөгө карабай Жарновников жарым автоматташкан, гибриддешкен мылтык-тапанчаларды Кыргызстан аркылуу Орусияга мыйзамсыз жиберген.
Документтерге ылайык, 2022-жылы 10-июлда америкалык компания кыргызстандык фирмага Нью-Йорктогу Жон Кеннеди аэропортунан жарым автоматташкан мылтыктарды жөнөткөн. 2022-жылы 14-ноябрда орусиялык компаниянын башкы директору Жарновниковдон ошол эле мылтыктарды сатып алган салык декларациясына кол койгон. Жарновниковдын ал курал-жаракты Орусияга экспортоого же реэкспортоого лицензиясы жок болгон.
2025-жылы 18-январда Жарновников Кыргызстандан Лас-Вегаска SHOT Show деген курал-жарак жарманкесине барган. 24-январда дал ошол иш-чарада кармалган.
Ал кириптер болгон кылмыш ишин АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу, Соода министрлигинин экпорттук көзөмөл бюросу жүргүзүүдө.
17-февралда "Азаттык" радиосунун журналисттери "Американын куралы Кыргызстан аркылуу Орусияга сатылганбы?” деген иликтөө жарыялаган.
“Азаттык” Жарновниковдун жактоочусу же жакындары менен байланышууга аракеттенгени менен андан натыйжа чыга элек.
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги Жарновниковдун камалышы боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.
АКШнын Юстиция министрлиги Жарновниковдун ишине байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен кызматташканбы же жокпу, азырынча беймаалым.