30-июндун кечинде Хатлон облусунун Фархор районунда бир аял төрт баласы менен Сурхоб дарыясына боюн таштаган. Каргалашуу окуя болгон жердеги күбөлөр тарткан сүрөт, видео "Азаттыктын" тажик кызматынын колуна тийди.
Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети 1-июлда эртең менен билдиргендей, аялды аман сактап калышкан, бирок эки баласынын сөөгү табылган, дагы эки наристени издөө уланууда.
Эмне үчүн аял мындай кадамга барганы жана балдардын жаш курагы белгисиз.
"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары аял кармалганын билдирди. Ага "эки жана андан көп адамды өлтүрүү" деген берене менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин Фархор райондук прокуратурасы жүргүзүп жатат.