Житомирдеги катуу жарылуудан каза болгондор жана жараат алгандар бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Житомир шаарына урулган соккудан эки киши каза болуп, кеминде 24 киши жараат алды. Жарадар болгондордун төртөө балдар. Житомирдин полиция кызматы билдиргендей, жарылуулар 2-июлда кечки 6лар чамасында Березин айылына жакын жерде болгон.

Житомир шаардык кеңеши башында билдиргендей, жарылуу айланма жолдун жээгиндеги май куюучу жайда болгон. “Жарылуунун себептери аныкталып жатат. Бардык тиешелүү кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатышат. Сабырдуу болуңуздар. Маалымат берилип турат”, - деп жазылган Житомирдин мэриясынын маалыматында.

Кийин жарылуудан Березин айылдагы эки өндүрүштүк аймак толугу менен жок болгону маалым болду. Ошондой эле турак үйлөр жабыркап, үч электр линиясы үзүлүп, 735 турак үй жарыксыз калганын “Житомироблэнерго” ишканасы маалымдады.

Житмордеги кырдаал Украина президенти Владимир Зеленскийдин көзөмөлүндө экенин анын кеңсесинин башчысы Виктор Микита кабарлады.

Дагы караңыз

Иран МАГАТЭ менен кызматташтыкты токтотту, Европа өлкөлөрү кооптонуудаКыргызстанда 100 миң гектардан ашык жерди чегиртке каптадыТрамп Израил Газада 60 күн ок атышпоого макул болгонун билдирдиCPJ уюму президент Жапаровду ЖМК тууралуу "кооптуу" мыйзамды артка кайтарууга үндөдү