Мейманканадагы окуя боюнча бийчи Жан Воинов кармалды

Иллюстрация

Бишкектеги "Шератон" мейманканасында кыздар сабалган окуяга шек саналып, бийчи Жан Воинов кармалды. Ал кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалып, 48 саатка камалды.

Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан да "Азаттыкка" ырасташты. Ага ылайык, Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен шектелип кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соцтармактарда "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркектер үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма тараган. Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан эркек адамды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттары азырынча комментарий берише элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Тоолуу Карабакта Кыргызстан курган "Айкөл Манас" мектеби ачылдыОрусия Одессаны жана Полтаваны дрон менен аткылады. Набыт болгондор бар Трамп менен Путин бир сааттай телефондон сүйлөштүЖапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"