Баш калаада адам өмүрүн алган автоунаа кырсыктары соңку кезде көп катталып жатканы социалдык тармактарда дагы талкуу жаратты. Велосипед, скутер сыяктуу транспорт каражаттары да көп колдонула баштаганы кырсыктарга себеп болуп жатканы айтылып жатат.
"Айдоочу ошол күнү кармалып, камалган"
28-июнь күнү кечки саат сегиз чамасында Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда КамАЗ автоунаасы сегиз жаштагы кызды коюп кеткен.
Секелек ошол жерден эле үзүлгөн. Кыздын ата-энеси окуяны иликтеп жаткан Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү ишти жакшы карабай жатат деп, журналисттерге кайрылган. Бул тууралуу маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга жарыяланды.
Ата-энесинин кайрылуусунан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы айдоочу ошол эле күнү кармалганын маалымдады.
Шаардык милициянын басма сөз катчысы Назира Балтабаеванын маалыматына караганда, жүк ташуучу автоунаа жолдон оңго бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн велосипеди менен өтүп бара жаткан кызды тебелеп кеткен.
Назира Балтабаева, Бишкек ШИИБ басма сөз катчысы
"2025-жылдын 28-июнунда болжол менен саат 20:20 чамасында, Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунан 1984-жылы туулган Н.М. аттуу айдоочу КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен Чубак ажы көчөсүнөн Заирбек баатыр көчөсүнө бурулуп жатканда, жөө өтмөктө велосипед тээп бара жаткан жеткинчекти коюп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы туулган Ч.А. аттуу кыз окуя болгон жерде каза болгон. Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан катталып, айдоочу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет. Тергөө иштери улантылууда", - деди Балтабаева.
Сегиз жаштагы секелектин өмүрүн алган каргашалуу окуяны талкуулаган социалдык тармактардагы талкууларда жөө адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктарга айдоочулар күнөөлүү деген пикирлер басымдуу.
Андай пикир ээлеринин бири жол коопсуздугун иликтеп жүргөн жарандык активист Эртай Искаков:
Эртай Искаков
"Жол кырсыгына негизинен айдоочулар көбүрөөк күнөөлүү десек болот. Анткени айдоочулар ылдамдыкты ашырып айдайт, каршы тилкеге чыгат, анын жазасы эмне? Газды басып, каршы тилкеге чыгып, анан өтө аз өлчөмдө айып пул төлөп кутулуп кете берет. Бир эле түштөнүүсүнө 30-40 миң сом сарптаган адамдар үчүн 300-500-1000 сом айыппул акча деле эмес. Төлөп коюп, эреже бузууну уланта берет. Биз айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууну сунуштап келе жатабыз, ар бир айдоочуга электрондук эсептегич коюшубуз керек. Ар бир айдоочунун күбөлүгү Түндүк порталына катталган. Ошол жактан күбөлүгүнө эсептегич коюп, ар бир жол эрежесин бузганын тиешелүү упай менен каттоо керек. Олуттуу бузуу кылганына көп суммада упай берип дегендей, бир нече жолу эреже бузгандан кийин, айдоочулук күбөлүгүн алып же кайрадан сынак тапшырууга милдеттендирүү керек.
Дагы караңыз Соңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөй айдоочу кармалды
Эртай Искаков жол кырсыктарынын көбөйүшүн мамлекет тарабынан жол коопсуздугуна тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканына байланыштырды:
"Кыргызстанда машине жыл эмес, күн сайын көбөйүп жатат. Ушу тапта өлкөдө 1,7 млн автоунаа катталыптыр. 2022-жылы 1,2 млн автоунаа катталган. Үч жылда эле 500 миңге көбөйдү. Бирок аларды тескөөчү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап иштеген кызматкерлердин саны көбөйгөн жок. Тескерсичинче, аларды кайгуул кызматына кошуп салып, кызматкерлер жол көзөмөлүнөн тышкары, коомдук тартипти карашы керек. 102 менен чакырууларга чыгышат, үй-бүлөлүк зомбулук, чыр-чатак жана башка менен иштейт. Мында тышкары чет жактан делегация жана башкалар келсе, аларды тосуп-узатуу жана башка иштер менен алектенишет. Сиз менен биздин, ошол сегиз жаштагы кыздын коопсуздугун көзөмөлдөө акыркы орунда калды. Ички иштер министрлиги аларды кайгуул кызматынан алып, жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө гана коюушу керек", - деди Эртай Искаков.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2 миңден көп киши ар кандай жараат алды.
"Жөө адамдарга да эреже, жоопкерчилик бар"
Жол кырсыктарына байланыштуу соттук иштерде жактоочулук кылып жүргөн адвокат Алмамбет Бексултанов балдардын жол кырсыгына кабылып жатышы - алардын жолдо жүрүү эрежесин билбегендигинен жана сактабагандыгынан болууда деген пикири менен бөлүштү:
Алмамбет Бексултанов, адвокат
"Жөө жүргүнчүлөрдүн да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Анткени аларга тиешелүү эрежелер жазылган. Бирок көп учурда жол эрежесин сактабаган болсо да, кырсыкка айдоочуну күнөөлүү болот. Айдоочуларды камап, автоунаасын айып токтотмого алып кирип, жоопкерчилик айдоочуда болуп калган учурлар бар. Ошондуктан, чоң кишилер да, балдар да жөө адамдарга жазылган эрежени сакташы керек. Балдарга да кулагына куюп, велосипед, самокат сатып берген учурда, жолдо жүрүүнүн, жолду кесип өтүүнүн эрежелерин эскертип айтуу - ата-эненин милдети. Рулда жүрөбүз го, шаарда көбүнчө эле жаш балдар-кыздар жолду кесип өткөндө велосипед же самокатты токтотуп, түшүп, жетелеп өтүүгө милдеттүү болсо да, аны аткарбайт. Зуулдаган боюнча тээп өтүшөт. Бул дагы көп учурда кырсыкка себепкер болушу мүмкүн".
Дагы караңыз Токмокто айдоочу эне-баланы сүзүп, төрт жаштагы кыз чарчап калды
Кыргызстанда 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.