"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон кыргызстандыктардын саны 33кө жетти. Тажик тарап ушуга чейин каза болгондордун санын ырасмий айта элек. Журналисттер тажикстандык 15 адам навыт болгонун жазышууда. Бүгүн тараптар ок атышууну толук токтотуу боюнча протоколго кол коюшту.
Кыргыз-тажик чек арасында абал оор бойдон. Ондогон үйлөр, дүкөндөр, имараттар, чек ара бекеттери өрттөлдү. Кыргызстандан 13 киши, Тажикстандан 12 жаран каза тапканы айтылууда. Качкындардын саны 25 миңден ашты. Чыгымдын көлөмү эсептелип жатат.
Нарындын Ак-Кудук айылында мугалимдин үйүндө билим алган окуучулар. Кадамжайда гүлдүн жүздөй түрүн өстүргөн ишкер. 25 жазуучунун, 20 сүрөтчүнүн жардамы менен балдар үчүн 400 китеп жарыялаган долбоор. Опера өнөрпоздорунан жаңы таберик - “Ак Мөөр” кайрадан сахнада.
Кыргыз бийлиги электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тариф саясатын августка чейин коомдук талкууга койду. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт. Жаңы тарифтин эсебин чыгарабыз.
Президент Садыр Жапаров кыргыз энергетикасы терең кризисте экенин айтып, электрдин тарифин өзгөртүүнү сунуштады.
Уу коргошундун тундурмасын ичип, ууланды делип божомолдонуп жаткан бир адам ооруканага туштү. Башкы прокурор Зулушев Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу аракеттери уланып жатканын айтты. Депутат Жээнчороев 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин мамлекетке өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтаруу туура эмес деди.
"Фейсбук" президент Жапаровдун уу коргошун боюнча постун өчүргөнүн "Азаттыкка" билдирди. Пресс-катчы Байтерек болсо постту өздөрү өчүргөнүн айтты. Ал маалда депутаттар министр Бейшеналиевди кызматтан кетирүүнү демилгелешти. “Кемпир-Абадга” барган Ташиев 50 гектар жерди 20га азайтууну Ташкенге айтат.
11-апрелде Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү. Бул жолку шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30 пайыз квотасы колдонулду. Аял талапкерлер шайлоого кандай катышты, квота абалды өзгөртө алдыбы? Эже-сиңдилер берүүсүндө ушул темада сөз кылдык.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан бери мамлекетке 5 млрд. сомдон ашуун каражат түшкөнүн жарыялады. Алардын 3 млрд. сому акчалай, калганы мүлк түрүндө берилген. Каражаттар тергөө амалдары бүткөнгө чейин,
Күчтүү президент, ага баш ийген министрлер кабинети жана саны да, салмагы да өзгөрүүгө учураган парламент. Конституциянын жаңы долбоору референдумда колдоо тапса, Кыргызстанда бийлик кандай бөлүштүрүлөт? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары ишин баштаган 2015-жылдан бери парламенттин эркин сынап, алардын позициясын ачыктаган окуялар көп болду. Бул Жогорку Кеңеш үч президент, алты өкмөт башчы менен иштешип, Конституциянын эки жолу өзгөртүлүшүнө активдүү катышты.
2010-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанда киши колдуу болгон аялдардын өлүмүн иликтеген 762 кылмыш иши ачылган. Өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнү аныкталган
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында соңку жылдардагы кыргыз киносундагы тенденциялар, аларда көтөрүлгөн актуалдуу жана кызыктуу темалар жөнүндө талкуу өткөрдүк.
"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Транспорт министрлигинин жетекчилигинде камалгандар көп. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу да айтылган.
11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер катышууда. Айрым партиялардын арасында жек-жааттык, тууганчылык күч.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык директору Ханс Клюге Бишкекке келген маалда "Азаттык" радиосуна эксклюзивдүү маек курду. Ал саламаттык сактоонун мамлекет жана адамдар арасындагы орду, пандемиянын сабактары, аялдардын саламаттыкты сактоодогу ролу сыяктуу бир катар маселелерге токтолду.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Бишкек менен Ташкент Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, андагы сууну чогуу пайдаланууну макулдашты. Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат. 27-мартта бир суткада 22 бейтап көз жумду.
11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп, анда биринчи жолу аялдар үчүн 30% квота колдонулат. Эмне үчүн аялдардын депутат болушу маанилүу - "Азаттыктын" видео түшүндүрмөсүндө ушул тууралуу сөз болот.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы толук такталганын Камчыбек Ташиев билдирди. Пандемия күчөп турганда Саламаттык сактоо министрлиги зарыл жабдыктарды үч эсе кымбат сатып алган. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.
Дагы жүктөңүз