"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
16-январдын таңында Кыргызстанда ондой журналисттин үйүндө тинтүү болуп, Ички иштер министрлиги аларды “Массалык баш аламандыктарга” айыптап жатат. Кармалган журналисттердин дээрлик баардыгы “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери.
“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган Болот Темиров менен байланышып, соңку кармоолор боюнча маалымат алды. Бул маек саат 9:30да жазылган. Андан кийин “Темиров LIVE” редакциясы менен байланышы бар Жоодар Бузумов, Айке Бейшекеева да кармалганы, жалпысынан 10 киши ИИМге жеткирилгени айтылды.
Жаза аткаруу кызматы Кыргызстандагы абактарда криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар башталганын билдирди. Маалыматка караганда, эми “мыйзамдагы ууру” сыяктуу түшүнүктөрдү жайылтууга бөгөт коюлат. Бирок анын так механизмдери айтылган жок.
1-январда Жогорку Кеңеш “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди. Депутат "2022-жылы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөн" деп айыпталууда. Ушул тапта Жамгырчиевдин каякта экени белгисиз.
Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш парламент депутаты, “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди. Жамгырчиевге "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Депутат кечээ парламенттеги кабинеттин терезесинен секирип качып кеткен бойдон кайда экени белгисиз.
Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдөгү №31 түзөтүү мекемесинде каза тапты. Маркумдун жакындары иликтөө жүргүзүүнү бийликтен суранган. Юстиция министрлиги комиссия түзгөнү, Башкы прокуратура текшерүү иштерин баштаганы маалым болду.
Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунун алдындагы акыркы даярдыктарды көрүп, алгач Ысык-Көлдө машыкса, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында текшерүүчү оюндарды өткөрүп жатат.
Мамлекеттик тууга байланыштуу талаш-талкуу кайрадан күчөдү. Бул жолкусунда Жогорку Кеңеш кабыл алган жана аянтка илинген желектеги айырма талкууга түштү.
Кыргыз армиясына “Байрактар”, “Акынжы” сыяктуу учкучсуз аппараттар алынды. Күзүндө кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлүп, Матраимовдор мафия аталды. “Азаттык” 2023-жылдагы негизги саясий окуяларды тизмектеди.
Ошентип 2023-жыл соңуна чыгып баратат. Бийлик бул жылдагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, айлык маяналардын жогорулашын жана социалдык мекемелердин курулушун айтып жатат. Ошол эле учурда демократия, жарандык коомго, оппозицияга кысым күчөгөнүн билдиргендер да жок эмес.
Президент Садыр Жапаровдун быйыл дагы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрбөй турганы медиа чөйрөнүн талкуусун жаратты.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун дароо эки окууда талкуусуз кабыл алды. Эми өлкө эгемендикке ээ болгондо кабыл алынган желек жаңыланышы керек.
Бишкектин Биринчи май райондук cотунда далай оппозициялык саясатчылар соттолуп, кимдин гана тагдыры Фемиданын таразасында турган жок. Бул жерде мурдагы президенттерге, депутаттарга, саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге өкүм чыгып, алардын эркиндиги чектелди.
Бишкекте экинчи Элдик курултай жыйынтыкталып, жалпы жонунан 128 делегатка сөз берилди.
Бийликтин салык саясатына соодагерлер макул болбой, өлкө боюнча бир нече базарда нааразылык акциялары өттү. Мындан соң бийлик жапырт ККМ киргизүүнү дагы жарым жылга узартты. Бирок өлкө жетекчилиги соңку кырдаалда базар ээлерин жана салыкчыларды күнөөлөп, абал ушундай улана берсе өлкөдөгү эң ири
Кыргызстандын мамлекеттик туусуна байланыштуу маселе олуттуу саясий талашка айланды. Бул маселе Жогорку Кеңештин орду, андагы көтөрүлгөн демилгелердин салмагы жана эл өкүлдөрүнүн көз карандысыз позиция тууралуу талкууларга жол ачты.
Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий таасирин арттырган?
Дагы жүктөңүз