"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбековдун иши карала баштады. Алардын адвокаттары ишти карган эки судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, алардын акыйкат чечим чыгарарынан шек санай турганын айтып жатышат.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганы тууралуу маалыматы талкуу жаратты. Анын чоо-жайын күч түзүмдөрүнөн турган тергөө тобу иликтей баштады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн атайын жалданган баш кесерден алды делген каты коомчулукта талкууга түштү. Атайын кызматтан төрагасы соңку окуяны өз ишмердиги менен байланыштырууда. Бул окуяны атайын тергөө тобу иликтей баштады.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы күч”, “Адилет” жана “Эмгек” сыяктуу партиялары жеңишке жетти. Жергиликтүү кеңештин деңгээлиндеги саясий сахнага буга чейин активдүү болбогон айрым партиялар келишти.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыга баштады. Ага ылайык, “Жаңы Кыргызстан”, “Жаңы күч”, “Ынтымак” жана “Адилет”, “Эмгек” деп аталган партиялар шайлоого катышкан бардык жерден босого чектен өткөн.
Жергиликтүү шайлоолорго үч күн калды. 14-ноябрда КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков камалды. 13-ноябрда шаардык милиция партиянын штабында тинтүү жүргүзүп, добуш сатып алууга айыпталган эки адам камакка алынды.
Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Өкмөт өкүлдөрү ЖМК кызматкерлерине белек-бечкек жөнөтүп, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып жаткан чакта эркин басылмалар басым-кысым уланып жатканын белгилейт. Быйыл өлкөдө журналисттер жапырт кармалып, соттолуп, басылмалар бөгөттөлгөн учурлар болду.
Өткөн аптада “Клооп” жана журналист Болот Темиров Бишкектеги ири “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө чыгарган. Анда экс-депутат Турсунтай Салимовдун “Мадина” базары бийликке жакын адамдарга катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген. Президенттик администрация аны четке какты.
2024-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Жайыл районундагы аялдар үчүн социалдык стационардык мекемени текшерүү учурунда кызмат алуучуларга карата адамгерчиликсиз мамиле жасалганын аныктады.
Соцтармактарда абакта жети жылдык жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу жарыяланды. Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон Садыр Жапаровго берилди деген каражат тууралуу сөз кылган. Бирок ага далилдерди көрсөткөн эмес. Анын буга чейинки айткандарын бийлик өкүлдөрү четке каккан.
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген мүлктүн наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат.
Экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген базардын наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат. Ал эми Байболовдор эл аралык сотторго чейин кайрыла турганын билдирди.
Парламент төрагасынын мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча сунушун колдогондор менен катар кескин сындагандар бар. Бул демилге азырынча парламентке келип түшө элек. "Азаттык" Жогорку Кеңештин депутаттарына микрофон сунуп, пикирин сурады.
Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери белгисиз болууда. Туугандары алар сууга агып кетиши мүмкүн экенин айтып, издөө иштери начар жүрүп жатканына нааразы болушууда.
Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевдин парламенттен кечирим сурашын талап кылууда.
Чаткалда кар көчкү алдында калган алты жарандын үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен айылга жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Дайынсыз жоголгон дагы үч жаранды издөө иштерине кошумча күч тартылганы белгилүү болду.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бийликти басып алууга чакырык жасады деп айыпталган акын жети айдан бери камакта отурат. Жетиген судья "бийликтин буйругун аткарып жатканын" билдирди.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Парламенттин комитеттери интернетте жана медиада жалаа жабууга айып пул салган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Документ азыркы редакциясында кабыл алынса, "жалаа жапты" делген адамга 100 миң сом айып салынат.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышууда.
Дагы жүктөңүз