"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердиги боюнча жаңжал чыкты. Фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынды.
“Кактус Медиа” басылмасы өз булактарына таянып, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы" делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганын жазды. УКМК 2023-жылы ноябрда Азим Ройго, 2024-жылы мартта анын жубайына издөө жарыялаган. Экөө тең "криминалдык топтор менен байланышы бар" деп айыпталган.
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу кайсы иш боюнча кармалганы белгилүү болду. Анын адвокаты журналистке Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жасаган материалына байланыштуу иш козголгонун айтты.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө коррупция жана криминалга каршы күрөштүн кезектеги этабы аяктап, калктын коопсуздугуна бардык шарттар түзүлүп келатканын билдирди. Ал тапта коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мүлкү мамлекетке өткөн айрым ишкерлердин жакындары мыйзам бузулганына даттанууда.
8-августта Бишкектин Октябрь райсоту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, шарттуу түрдө жаза чегерди. Алиевага катталган мүлктүн баасы 2,2 млрд. сом экени айтылып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге Интерполдун линиясы менен издөө жарыялап, Октябрь райондук соту аны сыртынан камакка алууга чечим чыгарды. Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.
Кыргызстанда жайкы ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Энергетика министрлиги калк жарыкты үнөмдөбөсө анда быйыл да электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн экенин четке каккан жок. Мекеме жылытуу сезонунан экспорттун жардамы менен чыгууну пландап жатат.
Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жатаканасында аптапта суу өчүп калды. Жашоочулар 4-августтан тарта жарык да жок болот деген эскертүү берилип жатканын билдиришүүдө. Анда жашаган 60тай үй-бүлө ИИМ аларды ушундай жол менен жатаканадан чыгарууну көздөп жатканын айтып жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлады. Калган 6% эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон бөлүктөр экени айтылып жатат.
Кримтөбөл Камчы Көлбаевди апасы Мая Алиевага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо") беренеси менен иш козголуп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланып жатат.
“Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Анын жерин мамлекет бөлсө, Бакиевдер 1 млрд сом бере турганы айтылып жатат.
Бишкекте "Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Анын жерин мамлекет бөлсө, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү 1 млрд сом бере турганы айтылып жатат.
Кыргыз бийлиги Газадагы согушту тезинен токтотууга чакырып, эл аралык коомчулуктун Палестинаны өз алдынча мамлекет кылып түзүү принцибин колдой турганын билдирди. Кыргызстан Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.
Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңеши макулдук берди. Президентке аларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жиберилди. 2-июлда УКМК эки судья кармалганын, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга шек саналып жатканын билдирген.
Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, президентке аларды ээлеген кызматынан алуу жөнүндө сунуш жиберилди. Кармалгандардын адвокаттары же жакындары азырынча комментарий бере элек.
Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты. Үч райондогу кайра шайлоо жарандардын катышуусу солгун болгон кезектеги жараян болуп калды.
Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты.
Бул иликтөөдө Бишкек шаарынын 30дан ашуун депутаты, аткаминерлери “Аламүдүн” суусунун жээгин кантип ич ара бөлүп алганын айтып беребиз.
Президент Садыр Жапаров "7-апрель" ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүнүп берилгенин билдирди. Ал жерге 200 кишиге ишкана курулары, анда Апрель окуясынан жабыркагандар, алардын жакындары иштей турганы айтылды. Ага акчаны мурдагы президент Курманбек Бакиев берет деген маалымат бар.
Президент Садыр Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүп берилгенин билдирди. Ал жерге 200 кишиге жумуш бере турган ишкана курулары, анда Апрель окуясында жабыркагандар, алардын жакындары эмгектенери айтылууда. Ага кетчү акчаны Бакиевдер берет деген маалымат бар.
Дагы жүктөңүз