Бишкектеги соода борборлорунун биринде 11-октябрь кыздарды коргоо күнүнө карата акция өттү. Анда кыргыз коомунда болуп жаткан кыз ала качууга каршы театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.
11-октябрь – кыздардын эл аралык күнү. Бул видеотүрмөк аркылуу кыргызстандык белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, акындар кыздарга тилектештигин билдиришет.
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада француз сүрөтчүлөрүнүн аял укуктарына арналган көргөзмөсү ачылды.
Роза Нурмухамбетова 39 жаштагы майып баласы менен көчөдө калган. 65 жаштагы байбиченин айтымында, кайгы ага кабаттап келген. Уулу күтүүсүз дартка чалдыкканда үй-жайынан ажыраган.
Жетигенди Энесайдагы байыркы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Соңку жылдары комузчу, ырчы Бактыгүл Абдисаламова угармандарга “жетигенчи” катары таанылып калды.
Жеңиш Исамамбетов Түштүк Кореянын Ансан шаарында заводдо иштейт. Кореяда үй-бүлө куруп, кыздуу болушкан. Мекенинде бизнес түптөгүсү келет. Ал четтеги мигранттардын тапкан каражаты, тажрыйбасы менен жакынкы жылдары Кыргызстан өнүгөт деп ишенет.
34 жаштагы Татьяна архитектор-курулушчу жана опера ырчысы кесибин таштап, жети жылдан бери кымбат иттерди машыктырып келет. Анын айтымында, ит багып чоңойтуу жана машыктыруу кирешелүү эмес, тескерисинче эбегейсиз күчтү талап кылган машакаттуу иш.
Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы "Ноокат Алтын-Алмасы" кооперативи 2012-жылы түзүлгөн. Аны Кубаныч Капаров жетектейт. Кооперативдин 153 мүчөсү, 72 гектар алма багы бар. Алар алган түшүмүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттошот.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеди. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар кызылдай акчага сатылары, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болду.
Баткендин Кара-Булак айылынын тургуну Мурзапар Үсөн 70 жашта. Ал эмгек жолун мугалимдиктен баштап, кийин аймакта тарыхчы, жазуучу катары аты чыккан. Мурзапар Үсөн жайдак жерди гүлдөткөн ишкер катары да белгилүү. Ал Муз-Булак коругун 20 жылдан бери иштетип, туристтердин сүйүктүү жайына айлантты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти.
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу фабриканын өрттөлүшүн иликтөөгө алды. 11-апрелдеги тополоңдо фабриканы жергиликтүүлөр толугу менен өрттөшкөн. Алар кытайлык инвесторду эл менен эсептешпей жатат деп айыптоодо.
Экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” маек курду. Ал апрель ыңкылабы, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаев, парламент жана “Ата Мекендин” камактагы лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу ой бөлүштү.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди.
Бишкек шаарындагы "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" деп аталган роботтор фестивалы башталды.
Көчөлөрү жөө баскандар үчүн ыңгайсыз борбор калаа, өз алдынча тасма тарткан бишкектик Нишана, мектепке машыгуу ийримин ачкан түптүн дзюдочу келин, өкмөттөн бир тыйын албай бала-бакча курган чаткалдык Чынара, таза суусу жана мончосу жок Нарындагы Кара-Чий айылы жана башка видеобаяндарды “Данистенин”
16 жаштагы Садык Казиев мектеп окуучусу. Анын ата-энеси дудук жана кулагы укпайт. Садык ата-энесинин кулагы, тили, сырткы жашоону сездирип турган туюму.
«Алтын Казык» конушу Бишкек шаарынын четинде, шаардык таштандыга жакын жерде жайгашкан. Жергиликтүүлөр бул районду “мыйзамсыз арал” деп атап коюшкан. Конуш башчысынын айтымында, бийлик конуш жашоочуларынын көйгөйүн чечип берүүгө тийиш.
Дагы жүктөңүз