Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин 2016-жылы аяктаган.
Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Түп районундагы Корумду айылында таза суу жок. 400 түтүндөн ашык эл булактан, арыктан суу ичип, тиричилик кылууга аргасыз. 2017-жылы суу чыгарууга бюджеттен акча каралып, иш башталгандай болгону менен ал аягына чыкпай турат. "Ысык-Көл курулуш сервистин" өкүлү иштин орчундуу бөлүгү бүткөнүн айтты.
26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы кызды милицияга таандык автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. ИИМ бул окуяга байланыштуу 27-январда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалганын маалымдады.
Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 70тен ашык тургуну 2013-жылы кызыл китеби менен сатып алган жерлерин сот аркылуу мамлекетке алып коёт деп коркуп турган учуру. Ал тилкелерге конок үй салып же курулуш жүргүзүп жаткан тургундар маселенин калыс чечилишин күтөт.
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Тологой айылында Махабатты айылдыктар "улакчы кыз" деп билишет. Аттын сырын мыкты билген кыз улак тартуудан тышкары азоо аттарды таптап, үйрөтүп да жүрөт. Азыр балдар менен ойноп, байге алып жүргөн кыз келечекте айылда улакчы кыздар тобун курагысы келет.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жападан-жалгыз инклюзивдик бала бакча бар. Педагог Эсте Идирисова демилге көтөрүп, төрт жыл мурун ачкан бакчада азыр 40 бала тарбияланып жатат. Каражаттын тартыштыгынан бул бакчаны камсыздоо да кыйынга турууда.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында кол күрөштөн Азия, дүйнө чемпиондорун чыгарган спорт уясы бар. Аянбүбү Асанкулова быйыл августта Алматы шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында өспүрүмдөр арасында алтын медаль тагынды. Чемпион кыздардын айылына "Азаттыктын" кабарчысы барып келди.
Балыкчы шаарына эки жыл мурун "Бактылуу эне" кризисттик борбору ачылган. Бул маалда 80ден ашык аялга ар кандай жардам көрсөткөн. Азыр дагы зомбулуктан улам кайрылган аялдардын саны аз эмес. Балыкчыда психолог адистер жок. Ал эми борбор мындай адистерге абдан муктаж.
Миргүл Өмүрзакова билимди Америкадагы Колорадо университетинен алып, 23 жыл миграцияда жүргөн. Эми өзү туулуп өскөн Караколдо мектеп ачты. Бул каарманыбыздын кичинесинен берки кыялы болчу. Эми Миргүлдүн кийинки максаты - мектепти өнүктүрүп, толук орто билим берген жайга айлантуу.