"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Таласта Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры ачылды. Театрдын ачылыш салтанатына 11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев катышты. Быйыл 14-сентябрда президенттин фондунан имараттын курулушун бүтүрүүгө 45 млн сом бөлүнгөн. Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт
Талас шаарынын тургундары Жер үй кенинен түшкөн каражат максатка ылайык пайдаланылып жатканына күмөн. Буга кенди иштетүүдөн түшкөн акчага Талас драма театры эмне үчүн ремонттолуп жатат деген суроо негиз берди. Театрды оңдоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат кайда кеткендигин да билгиси келг
Жүзгө жакын шаар тургуну Жерүй кенинен түшкөн акча максатсыз пайдаланылып жатканын айтып чыгышты.
Таласта интернатта тарбияланган кыздын кош бойлуу болуп калышы боюнча кылмыш иши козголду.
Таласта аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдарга реабилитация борбору курулууда.
Таластагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган мекемени 90 жаштагы Дөндөк Балтабаев 5 жылдан бери өзү каржылап келе жатат. Бул жерге туруктуу жашоого келген карыя бүгүнкү күнгө чейин бир миллон сомдук жардам берген экен.
Таласта аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борбор курулууда. Кызыл Жарым Ай коому куруп жаткан имаратта 30 бала багылат. Курулуш күзүндө аяктап, кышында пайдаланууга берилет.
10 жылдан ашык англис тили боюнча котормочу болуп иштеп, кийин чакан мектеп ачкан Жазгүл Казенова Таласта акысыз окууну уюштурган.
Таластын Бакай-Ата жана Кара-Буура районунун малчылары 22-июль күнү жыл сайын жайлоодо өтүүчү кеңешмеге чогулуп, анын алкагында майрам уюштурулду. Иш-чара быйыл Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Чаткал жайлоосунда өттү. Ага 50дон ашык чабан, Бакай-Ата жана Кара-Буура районунун администрация башчылары жана тургундары катышты. Аталган эки райондун малчыларынын көбү жакын болгондуктан Чаткал жайлоосун жайлашат. Жайлоодогу кеңешмеде чабандар жыйында негизинен жайыттын баасы кымбат болуп жатканын козгошту. Өз кезегинде жайыт комитетинин өкүлдөрү маселени карап чыкмай болду. Иш-чара малчыларга уюштурулган оюн-зоок менен коштолду. Салтанатта күрөш, көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, жеүүчүлөр акчалай сыйланды. Мындай майрамды Талас облусунун чабандары эстафета кылып жыл сайын ар башка райондо өткөрүп турат. Маселен, быйыл Бакай-Ата району куржунду Кара-Буурага өткөрүп берди. Өз кезегинде жайыт комитетинин өкүлдөрү маселени карап чыкмай болду. Салтанат күрөш, көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар менен коштолуп, жеүүчүлөр акчалай сыйланды. Мындай майрамды Талас облусунун чабандары эстафета кылып жыл сайын ар башка районго өткөрүп турат. Маселен, быйыл Бакай-Ата району куржунду Кара-Буурага өткөрүп берди.
Таластагы Беш-Таш суусуна агып, каза болгон эки журналисттин сөөгү жерге берилди.
Реконструкцияланып жаткан Талас-Тараз- Суусамыр жолунун сапаты канааттандырбай жатат деп жергиликтүү эл нааразы.
Талас шаарына жакын «Манас Ордо» улуттук комплексине жай айында жети дубандан зыяратчылар келип турат. Жылдан жылга алардын саны көбөйүп жатканын да байкоого болот. Мисалы, өткөн жылы 118 миң келген. Жергиликтүү эл бул жерге түлөө өткөрүп, кээде жөн эле эс алып кетүү үчүн каттап турушат.
Бүгүн классташтардын мааракелик салттуу жолугушуулары бардык айылдарда өтүп жатат.
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын 82 жаштагы тургуну Букен Моңолбаева мындан 80 жыл илгерки Сталиндик репрессиянын запкысын тарткан балдардын бири. Атасы Султанбек Моңолбаев 1937-жылы эл душманы аталып камакка алынып, атылган.
Таласта өткөн курултайда паспорттогу улут графасын калыбына келтирүү боюнча кызуу талкуу болду.
Ноокасты “Каалаган жериңе арыздан” деп ооруканадан узатып чыккан Таластык дарыгер тартылган тасма интернетке тарап, бир топ талаш жаратты. Талаш облустун медициналык тейлөө тармагында бир топ көйгөйлөр бар экендигин да ачыкка чыгарды. Оорулуулар менен дарыгерлердин карама-каршылыгын жаратан жагдайды
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокер Меңдиш Өмүралиевдин эрдиги эскерилди.
Таласта ушул жумада багып алган кызынан баш тарткан аял энелик укуктан ажыратылды.
Дагы жүктөңүз