"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Таластагы “Манас” универмагында бүгүн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, кырсык таңкы саат алтыларда катталып, соода кылуучу жай менен анын жанындагы контейнерлер толугу менен күйүп кеткен. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.
Таласта өткөн жылы гидроцефалия же мээде жүлүн суюктугунун көбөйүшүнөн улам башы чоңоюп кеткен 50 бала ооруканага түшкөн. Облустагы Чолпон Мамбетов атындагы биргелешкен оорукананын дарыгерлери мындай илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү бир жаштан беш жашка чейинки эркек балдар экенин белгилешет.
Жаңы жылды утурлай уюштурулган Таластын базарындагы азык-түлүк жармаңкеси бүгүн жыйынтыкталат. Ага жалпысынан 150дөй соодагер катышып, өз товарларын сатып жатат. Шаардын негизги көчөлөрүнүн биринде орун алган жармаңкенин жүрүшү туралуу видеодо сөз болот.
Таластын Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын нааразы тургундары уулдары мамлекеттик кызматта иштеген айылдагы үй-бүлөнүн кысымына кабылдык деп өткөн ишембиде нааразылыкка чыгышты.
Таластагы 70 жылдык тарыхы бар Аман Токтогулов атындагы облустук китепкана бир күндө элүүгө чукул окурманды кабыл алып, тыныгуусуз иштейт. Аталган китепкана заманбап техникалар менен жабдылып, электрондук китеп системасы киргизилгенден тарта окурман саны көбөйгөн.
Талас районунда митингге чыккан 34 мугалим жана бала бакча жетекчилери иштен алынды.
Таласта насыя боюнча соттошкондор бардык иштерди бир эле судья карай берет деп нааразылык билдирип чыгышты.
Талас шаарынын тургуну Мирбак Соорбеков 15 жылдан бери үйүнүн алдындагы эт саткан күркөнү жаптыра албай жатканын айтып, «Азаттыкка» кайрылды.
Талас облусунда бүгүнкү күндө кыргыз, орус, өзбек, казак, немис, дунган, татар, уйгур, түрк жана күрт элинин өкүлдөрү жашайт. Анын ичинен күрттөр саны боюнча кыргыздардан кийинки эле орунда турат.
Жергиликтүү кеңешке талапкерлер үгүт иштерин мектептерде жүргүзүп жатканына окуучулардын ата-энелери нааразы.
Кара-Буура районунун тургуну Зоя Мамытова балдары менен талаада калганы турат.
Таласта дүйнөгө белгилүү кофенин түрлөрү даярдалып сатыла баштады. Чакан шаарга бул жаңылыкты Бишкекте төрөлүп-өскөн 22 жаштагы Темирлан Бообеков алып келди. Быйыл гана жогорку окуу жайын аяктаган Темирлан биротоло Таласка көчүп келип, кофе ичүү маданиятын жайылта баштады.
Таластын Казакстан менен чектеш Маймак айылынын орто муундагы жашоочулары казак жарандыгын ала баштады. Ал эми жаштар айылда дээрлик жокко эсе. Мунун себебин жумуштун жоктугу менен байланыштырган жергиликтүү эл келечек үчүн кооптонууда.
Таластын Кара-Буура районундагы Маймак станциясында Казакстандан 68 тонна ун алып келе жаткан кыргыз ишкери кармалды. "Сатыкей" чек ара тозотунан билдиришкендей, аталган аймакта көзөмөл өткөрүү пунктары жок болгондуктан, ишкердин бул аракети мыйзамсыз. Анткен менен ишкер өзү кириптер болгон окуяны а
Таластын Шекер айылында пенсионерлерден куралган ырчы-чоорчулар Тарых жана маданият жылынын алкагында гастролго даярданууда. Ушул тапта алар күнүнө эки-үч саат убактысын айылдагы маданият үйүндө өткөрүшөт.
Таластын айрым жерлеринде жааган кар 50 сантиметрге чейин жетип, абанын табы беш градуска төмөндөдү. Облуста алмасын терип, төө бурчагын жыйнай электер бар болчу. Аба ырайынын кескин начарлашы аларга зыянын тийгизиши мүмкүн.
Таластын Манас районундагы айылдардын биринде жашаган төрт балалуу келин күйөөсүнүн сексуалдык кордугуна чыдабай үйүнөн качып чыкты.
Таластагы №5 орто мектептин окуучулары жыл өткөн сайын көбөйгөндүктөн, алар үчүн мектептин ашканасы тардык кыла баштады. Себеби жалпы аянты 322м квадрат болгон ашкананын теңинен көбүнө муниципиалдык тарап нан чыгаруучу ишкана ачып алган. Ашканада кезек күтүп, кээде мектептен ачка келген балдары үчүн
Дагы жүктөңүз