"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков Кыргызстандагы Орусиянын аскерий жайлары, бул багыттагы кызматташтык боюнча суроолорго жооп берди.
Элдин колунда мыйзамсыз кармалып турган курал-жарактарды кайтарып алуу иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу суроолорго Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов жооп берди.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун күнөөсү сотто далилденбегенин, бул иш боюнча Жалал-Абад облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышарын анын жактоочусу Нурбек Токтакунов "Азаттыктын" таңкы маегинде кеп салып берди.
Саясий серепчи Кубан Абдымен "Азаттыкка" курган маегинде вице-премьер-министр А.Бекназаровдун кадрдык өзгөрүү боюнча президентке каяша айтышы мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбестигин, баш прокурор болуп дайындалган К.Байболовго буга чейинки козголгон кылмыштардын бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн билдирди.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов өлкөдөгү соңку кадрдык өзгөрүүлөр Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ажырымды ачыкка чыгарды, эми элге түшүнүктүү ачык ссаясат жүрөт деп эсептейт.
Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикиров парламенттик шайлоонун үгүт иштерине облустун мамлекеттик администрациясы жана жетекчилер кийлигишпестигин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар шайлоо өнөктүгү тынч маанайда өтүүсүн каалашып, элдин бүтүндүгүнө доо кетирбөөгө үндөгөн тилектерин билдиришти.
7-апрелде Ак үйдөн элге каршы ок ачкан деген шек менен Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында 4 айдан бери камакта жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы 7 кызматкеринин туугандары алардын камалышын саясий буйрутма деп эсептешет. Башкы прокурор Байтемир Ибраев алардын иши мыйзам чегинде терегелип жатканын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы азырга чейин парламенттик шайлоого катыша турган 24 саясий партияны каттоодон өткөрдү. Калган беш партиянын тизмелери эртең каралмакчы. Жума күндөн тарта үгүт иштери башталат.
Апрель ыңкылабы, өзгөчө түштүктөгү калабага байланыштуу кыргызстандык мусулмандар быйыл Сауд Аравиясына келбей калышы мүмкүндүгү тууралуу маалымат чыккан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болотбек Абдырахманов бул маселе оң жагына чечилип, Кыргызстандан быйыл 4,5 миң зыяратчы Меккеге барарын билдирди.
Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь айындагы кандуу окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө маек курду.
5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын митинги тартип коргоо кызматкерлери тарабынан таратылды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таанучу Марат Казакбаев жооп берди.
Бүгүн “Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барктабасовдун тарапкерлери курултай өткөрө турганын билдиришти. “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Ырсалиев калаадагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанга келе турган ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун айланасында “Азаттыктын” суроолоруна Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, адис Чоро Мураталиев жооп берди.
Гезиттер эмнелерди жазат?
Кыргызстанга эл аралык полициялык кеңешме тобун киргизүүгө өлкө ичинде талаш-тартыш күчөп, каршылык аракеттери болуп жатат. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыктагы" маегинде бул маселени кээ бир күчтөр саясатка айландырып, өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын билдирди.
"Мекен туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасов 5-августта Бишкекте эски өкмөт аянтында көп адам катышкан курултай өткөргөн жатат. Бишкектин бир катар тургундары курултай учурунда чыр-чатак чыгып, талоончулук аракеттери уюштурулушу мүмкүн деп чочулап жатышат. Аталган партиянын төрагасы Кенжалы Сарымсаков "Азаттыктагы" маегинде мындай тынчсызданууларга орчундуу себеп жок экенин билдирди.
Өлкөнүн экономикалык абалы, соңку саясий кырдаал тууралуу республиканын эмгек сиңирген экономисти, эксперт Болот Байкожоев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Кыргызстандын экономикалык абалы, өлкөнүн бюджети тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна коомдук ишмер Юруслан Тойчубеков жооп берди.
ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрү, Кыргызстандагы соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков жооп берди
Дагы жүктөңүз