"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
16-январь Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында балык уулоого чыгып дайынсыз жоголуп кеткен эки жигиттин биринин сөөгү табылды. Маалыматка караганда, 19-январда Жеңиш айылынын тургуну, 19 жаштагы Жыргалбек уулу Эрмектин сөөгүн куткаруучулар 25-30 метр тереңдиктен алып чыгышкан. Жыргалбектин теңтушу Са
Каракол шаарындагы №13 бала бакчада шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын өтүп, анда жамааттын президенттик аппаратка жолдогон каты талкууланды. Катта жамаат тарбия үйүнүн жетекчиси кысым көрсөтүп жатканын айтып, аны кызматтан алууну суранышкан. Президенттик аппарат бакча жамаатынын кат
Караколдо батирлерин күнүмдүк ижарага бергендер нааразылык билдирип чыгышты. Алар жакында кабыл алынган батирди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы болушууда. Шаар тургундары Караколго келген туристтерге күнүмдүк батир берип келгенин айтып, бул мыйзам көп адамды кирешесинен ажырата т
Караколдо батирлерин күнүмдүк ижарага бергендер нааразылык билдирип чыгышты.
Бул күнү бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык жөрөлгөлөр өтүүдө. Кабарчыбыз Караколдогу православ чиркөөсүндө болуп келди.
Ысык-Көлдө кышкы туризм көңүлдөгүдөй жүрүп, Караколдо эс алуу кызуусунда. Быйыл кардын эрте түшкөнү эс алуучуларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Караколго келген чет элдиктер бул жайды кеңейтүүгө кеңеш беришет.
Ысык-Көл районунда диний түшүнүктөн улам балдарын мектепке жибербей жаткан үй-бүлөлөр бар.
Кыргызстандын кышкы туризм сезону үзгүлтүккө учуроодо. Бийлик өкүлдөрү берген убадага карабай, чет элдик жарандардын Кыргызстанда калуусун татаалдаштырган жаңы мыйзам жокко чыгарыла элек. Миңдеген туристтер Кыргызстанга баруу планынан баш тартышууда. Туризмди өнүктүрүүнүн келечеги барбы? Бул суроого
Тоң районундагы Алмалуу этнокомлексинде айылда туулуп өсүп, жашоосунда ийгиликке жеткен инсандар жаштар менен жолугуп, жаңы идеяларды талкуулашты. Боз үйдө уй мүйүз тартып отурган жаштар "Айылдык сүйлөйт" долбоорунда ийгиликке жетүүнүн сырларын угушту.
Фейсбукта "Мурч" баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүздүн тургуну менен УКМК кызматкерлери сүйлөштү.
Ысык-Көлдөгү "Каракол" тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Ноябрда кар калың жааганына байланыштуу кышкы эс алуу сезону быйыл эрте башталды.
"Бабалар баскан из менен" аттуу маданий иш-чара Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Тосор орто мектеби тарабынан уюштурулду. Тарых жана маданият жылы менен Үркүндүн 100 жылдыгына карата өткөн иш-чарада мектеп окуучулары Үркүн окуясын сахналаштырды.
Ысык-Көлдүн алыскы Жыргалаң өрөөнүнүн жашоочулары аймакты кышкы туризм аркылуу жандантууга бел байлашты. Акыркы жылдары бул жер унутулган аймак деп сыпатталып калган эле. Узаган апта соңунда жашоочулар жылгаяк фестивалын уюштуруп, кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдик туристтерге да майрам тартуул
Илимдер Академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу борборунун илимий кызматкерлери Жети-Өгүз районундагы Кара-Баткак мөңгүсүн изилдөөгө алышат. Кызматкерлер изилдөөдөгү жыйынтыктарына таянып, мөңгүлөр жыл сайын азайып жатканын айтышты.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында "Кут билим" окуу-тарбия комплекси ачылды. 250 орунга эсептелген мектепти ЖИА жаш ишкерлер ассоциациясы ачты. Быйыл 60 бала билим алып жатат. Ага 7-классты аяктаган эркек балдар гана кабыл алынууда.
Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.
Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы жабылып калган электролампа заводдун карамагындагы кабат үйлөрдөгү батирлердин ээсибиз деген жергиликтүү тургундардын бир тобу он беш жылдан бери батир талашып, соттошуп бүтпөй келатышат. Бул аралыкта талашка жергиликтүү бийлик аралашкан имараттар оңдолуп, эс алууч
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында христианчылыктын баптист багытын тутунган 57 жаштагы маркум аялдын сөөгүн мусулмандар көрүстөнүнө коюлушуна жергиликтүү эл каршы чыккан. Кечээ күнү маркумдун жакындары менен имамдар сүйлөшүп, бирок жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышпай калгандыктан сөөк жаш
Дагы жүктөңүз