"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тоң райондук милициясынын имаратында кылмышка шектүү адамдын асынып өлгөнү боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгогон кылмыш ишти Коопсуздук кызматынын облустук бөлүмү тергей баштады.
Ысык-Көл облусунда сегиз жаштагы кыз жыгылып кетип, колу сынып, көп өтпөй көз жумду.
Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасын чагылдырган айкел ачылды. Бул айкел жазуучунун 90 жылдыгына арналып, Орусиянын Свердлов облусунан Кыргызстанга белек катары жасалып келген.
Бишкек шаарынын бир топ көчөлөрү казуу иштеринен соң жабылган. Бир эле учурда 49 көчөдө оңдоо иштери жүргөн. Айрымдарынын иши аяктап калды.
Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү дарылык касиети бар Туздуу көлдү жеке ишкерге 49 жылга ижарага берген токтомду жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүп жатат.
Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү өз аймагында жайгашкан дарылыгы бар Туздуу көлдү жеке ишкерге ижарага 49 жылга берүү тууралуу 90-жылдардын башында чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу демилгесин көтөрүп жатат.
GULNUR Fashion брендинин негиздөөчүсү, Австрияда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте (МАГАТЭ) иштеген Гүлнур Тоялиева "Азаттыкка" маек куруп, чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын мекенине кошкон салымы жана мода тууралуу ой бөлүштү.
Суу транспорттору жайкысын Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн кызыктуу, ишкерлер үчүн пайдалуу. Алардын ичинен акыркы жылдары скутерде сүзүү эс алуунун кеңири жайылган түрүнө айланды.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө таза суунун тартыштыгы жаздан күзгө чейин созулат. Айылга суу толук жетпей жатканын адистер суу башынан жакшы каралбай, ар кайсы жакка буруп кетип жатканынан көрүшөт.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө таза суунун тартыштыгы жаздан күзгө чейин созулат.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда үчүнчү жолу өрүк фестивалы өттү. "Сары кыздын тою" деп аталган иш-чара көлдүн түштүгүндө эко-агро жана этнотуризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Дыйкандар өздөрү өстүргөн продукцияларын ала келип, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Ысык-Көлдө суу объектилеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелери боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Анда пансионаттар жана эс алуучу жайлардагы сууга түшүүдөгү коопсуздукка, куткаруучулардын, алардын шаймандарынын даярдыгына басым жасалып жатат.
21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эл аралык инвестициялык форум өттү. Форумда Кыргызстандагы инвестициялык климат талкууланып, өлкөнүн продукцияларын башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча онго жакын келишимге кол коюлду.
21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эл аралык инвестициялык форум өттү.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке балдарын жибербеген үй-бүлөлөр текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке балдарын жибербеген үй-бүлөлөр текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 17-июлда Ысык-Көл районунун акимиатынын өкүлдөрү жана соцкызматкерлер бул үй-бүлө ээлерине балдардын укугун чектебей, мектепке жиберүү зарылдыгын айтышты.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке барбаган үй-бүлөлөргө рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук акимчилик жана социалдык адистер ал үй-бүлөлөрдү балдарынын укугун тебелебестен быйылкы окуу жылына жиберүүнү ата-энелеринен талап кылышты.
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында этнофестиваль өттү. Бул иш-чара этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөйт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматында 200дөн ашык адам иштейт. Аларды жайкысын, өзгөчө сууга түшүү маалында түйшүк басат. Куткаруу иштерине зарыл шаймандардан өксүгөн бул кызмат кыйчалыш учурларда жеке пансионаттардын суучулдарына кайрылууга мажбур.
Дагы жүктөңүз