"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Президент бийликтеги алгачкы жылын коңшулаш өлкөлөр менен мамилени оңдоого кетиргенин билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү 2019-жылдагы терроризм менен күрөшкө байланыштуу баяндамасын жарыялады.
“Эксперттер талдайт” талкуусуна саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу абал курч бойдон калууда. 1-июлга карата өлкө боюнча инфекцияны жугузуп алгандардын саны рекорддук чекке жетип, 430дан ашты. COVID-19га кантип туруштук беребиз?
30-июнга карата өлкөдө илдеттен жети адам каза болуп, дагы 279 адамдан вирус аныкталды.
Бийлик оорунун белгилери жеңил болгондорду үйдөн чыкпай дарыланууга чакырып жатат.
Жарандык коом жана медиа уюмдар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзамга вето коюуга президентти чакырып жатышат.
Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен өттү.
«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери Интернеттеги жалган маалыматтарды тескөөнү көздөп жатканын айтышууда.
Кыргызстандык Айсалкын Бабалиева Атлантика океанында саякаттаган круиздик кемеде эмгектенет. Ал пандемияга байланыштуу Кыргызстанга келе албай жатат.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо боюнча кайчы маалыматтар тарады.
Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнүн беткапсыз түшкөн сүрөтү тууралуу билдирүү таратты.
Парламент чуулгандуу ишти иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун укту.
Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамын 105 депутат колдоду.
Кыргызстанда кайрадан премьер-министр алмашты. Акыркы жылдары салыштырмалуу узагыраак иштеген Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык жаңжалынан улам отставкага кетти. Анын ордуна парламенттеги коалиция Кубатбек Бороновду сунуштады.
Пандемия учурунда милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөнбөгөнү көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.
Жогорку Кеңеште бир күндө отуздан ашуун мыйзамдын кабыл алынышы жоопкерсиздик катары бааланууда.
Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды "тоскоолдук" деп тааныды. Казакстан билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады.
Эки өлкө ортосундагы «соода согушу» Евразия экономикалык комиссиясына жетти.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча талаштуу протоколду жактырды.
Дагы жүктөңүз