Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
Бишкекте өтүп жаткан Улуу Жибек жолуна кирген мамлекеттерде чыгарылган товарлардын III эл аралык көргөзмөсүнө Кытай тарап жеңил өнөр жай, жогорку технологиядагы жабдууларын алып келсе, Кыргызстан тамак-аш азыктарын, колго тигилген баш кийим, бут кийимдерин чыгарды.
Жогорку Кеңештин мыйзам кабыл алып чарчаган депутаттары жайкы эс алууда. Бирок эл өкүлдөрүнүн орундары бош калган жок. Аларды Жаштар парламентинин жаш парламентарийлери ээледи.
Жаңы окуу жылынын башталарына эки апта калды. Бирок Бишкектин Ак-Бата жаңы конушунун тургундары балдарын мектепке бере албай убара. Конуштагы жалгыз 198 орундуу мектепте 1300 окуучу окуп жатат.
Бишкектин төрт району шаар тургундарына кезектешип музыка тартуулайт. Бул жолу эстафетаны Октябрь району алды. Ачык асман алдындагы музыка кечесинде музыка сүйүүчүлөрүнө симфониялык оркестрдин жана кыргыз эстрада ырчыларынын концерти тартууланды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында өлкөдөгү орточо айлык акы 14 миң сомду түзөт. “Азаттык” Бишкектин тургундарына кайрылып, маянасы бир айлык жашоосуна жетеби деп суроо салды.
Кытайга окууга бараткан кыргызстандык студенттерге виза ачтырууга бир айлык мөөнөт берилди.
Мамлекеттик кадр кызматы 2016-жыл үчүн аткаминерлердин кирешелери, чыгымдары жана мүлктөрү тууралуу декларацияны жарыялады. Ага ылайык, аткаминерлердин көбү жалгыз айлыкка гана күн кечиришет экен. Айрымдарынын жадагалса үстүндө үйү да жок болуп чыктыю Бул тууралуу кененирээк видеоинфографикадан көр
Үмүтай Абдышова комуз менен чет элдик ырларды аткарып келет. Санат ырчысы бул аракети менен жаш угармандардын улуттук аспапка кызыгуусун арттырууну көздөйт.
Америкалык Gallup институтунун 135 өлкөдөн 136 миң адамды камтыган сурамжылоосунда Сингапурдун тургундары өздөрүн эң коопсуз сезишсе, андан кийинки орунда Өзбекстан турат. “Азаттык” Бишкектин тургундарына кайрылып, “Кыргызстанда жашоо коопсузбу?” деген суроону узатты.
Түштүк Кореянын Инчхон шаарында Таэквондо ITF боюнча өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 10 алтын, төрт күмүш жана сегиз коло байге алышты. Кыргызстандын намысын коргоого 16 спортчу барган. 2019-жылы Азия чемпиондугу Кыргызстанда өткөрүлмөкчү.
Жаш котормочу Нурболот Азаматов 16 жашта. Алгач ирет 7-классында орус адабиятынын классиктерин которгон. Бүгүн Кыргызстандын президентинин кызы Алиянын социалдык баракчаларга орусча жазган макалаларынан тарта Пушкин, Есениндерди кыргызча сүйлөтөт.
Бул кайрымдуулук иши Айгерим Мамбетбаеванын фабрикадагы жетекчилик кызматына тоскоолдук жаратпайт.
Ак-Бууранын боюндагы Навои паркында аксакалдар нөшөрлөгөн жамгырга, куйкалаган күндүн аптабына карабай шахмат ойноого чогулушат.
Кыргыз-өзбек жаштарынын учурдагы өз ара мамилеси кандай? “Азаттык+” бул суроого Ош шаарынан жооп издеди.
Каргашалуу Ош коогалаңына жети жылдын жүзү болду. Бүгүн кыргыз-өзбек жаштарынын өз ара мамилеси кандай? Түбү бир тамырлаш эки элдин толук кандуу жуурулушуп кетүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык плюс” Ош шаарынан жооп издеди.
А.Атамбаев латын арибине өтүү Орусияда калган тектеш элдер менен мамилеге терс таасирин тийгизет деген пикирде.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №47 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар арасында футбол мелдеши өттү. 18-июль - Нельсон Манделанын Эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлгөн мелдеш абактагылардын абалына, кыйноолорго көңүл бурдуруу максатында уюштурулду.
Полина, Карина жана Лиза Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка институтунун студенттери. Алар кыргыз тилин окушат. Теориялык билимин иш жүзүндө бекемдөө, кыргыз маданияты менен жакындан таанышуу үчүн Кыргызстанга алгачкы ирет келишти.
"Азаттык+" бул жолу жаштардын экстремисттик уюмдарга азгырылышы тууралуу кеп кылат.
Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик - террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган? Аларды кандай максат жана күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?
Дагы жүктөңүз