Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
Соңку кезде спорт менен машыгуу ийгиликке жол катары карала баштады.
"Азаттык+" бул жолку берүүсүн бизнесин жаңы идея, жаңы технология менен баштаган жаштарга арнады.
Стартап – бизнес дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган компания. Стартапер бизнесин жаңы инновациялык идеялар, жаңы технологиялар менен жүргүзөт. "Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында бизнестин жаңы жолун чаап жаткан эпчил жаштар тууралуу сөз кылабыз.
“Сапат 2017” роботтор таймашына ойлоп табуучулукка жөндөмдүү окуучулар программалаштырган 82 робот менен катышты. Мектеп жашындагы балдар бий, күрөш, сызык кубаламай, жарыш сыяктуу ар кандай категорияда таймашты.
6-майда Бишкекте өткөн кыз ала качууга каршы акцияга 30га чукул адам автоунаалары менен катышты. Автожүрүшкө чыккан унааларга ала качуу мыйзамга каршы келери жазылган кагаздар чапталган.
“Азаттык+” бул жолу иштеп да, саякаттап да жетишкен жаштар тууралуу берүү тартты.
“Азаттык плюстун” бул жолку чыгарылышында иштеп да, саякаттап да жетишкен студенттер жана алардын дүйнө кезүүсүнө шарт түзүп жаткан программалар тууралуу сөз болот.
Мотосезондун расмий ачылышы чоң майрам. Байкерлер бул күндү жылы бою күтүшөт.
Жумуш издеген жаштардын изи Жер Ортолук деңизинен тартып, Кариб аралдарына чейин жетти.
Театр көшөгөсүнүн артында көрүүчүгө белгисиз жашоо, адам тагдырлары катылып турат.
Театр - көрүүчү үчүн ар дайым сырдуу жана табышмактуу. Спектакль - театр турмушунун сахнада көрүнгөн бир гана бөлүгү. Ал эми көшөгө артында көрүүчүга белгисиз кандай жашоо бар?
"Азаттык+" бүгүнкү берүүсүндө сулуулар сынагынын күңгөй-тескейин иликтеди.
Кыргызстандагы сулуулар сынагы эмне үчүн чыр менен коштолду? "Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышы мына ушул сулуулар конкурсун уюштуруунун жана ага катышуунун түмөн түйшүгүнө арналат.
Эки ыңкылап жаштардын саясатка аралашуусун күчөттү. Алар өнүккөн Кыргызстанды кандай элестетет?
"Азаттык+" бул жолу 7-апрель ыңкылабына катышкан жаштардын бүгүнкү көз карашы, жаштардын саясатка аралашуусунда кандай тоскоолдуктар жана колдоолор бар деген суроого жооп издеди.
“Азаттык+” бул жолу кыргыз футболу жана анын ышкыбоздору тууралуу берүү даярдады.
Тимур Жапаралиев Дубайда аба коштоочу болуп иштейт. Келечекте актер болгусу келет.
Соңку кезде кыздардын көбү айылда жашагысы келбей шаарга агыла баштады.
Улуттар Уюмунун Жер институту 2017-жылы жарыялаган Бактылуулук индекси боюнча Кыргызстан 155 өлкөнүн ичинен 98-орунга жылып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунду ээледи. Бактылуу өлкө индексинин былтыркы тыянагында Кыргызстан 85-орунду ээлеген. Кыргызстандыктар өздөрүн бактылуу сезишеби? Кабарчыбыз
Жогорку окуу жайдын студенттеринин көбү окуудан кийин иштеп акча табат.
Дагы жүктөңүз