"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Кыргызстанда мугалим жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Айрым мектептерде мугалим жетишпей бир жыл бою сабактар өтүлбөй жатса, айрым мектептерде башка сабактан берген мугалимдер сабак өтүүгө аргасыз.
Акыркы эки жылда Бишкекте сатыктагы батир баалсы 50% чейин жогорулап кетти. Аны менен катар ижара акысы да кескин өстү. Кыймылсыз мүлк базарындагы баанын кымбатташына эмнелер себеп болууда?
23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленет. “Азаттыктын” каарманы, немис кызы Виктория Кринвальд өзүнүн жеке ыкмасы менен кыргыз тилин үйрөтөт. Виктория жарым жыл мурда “Азаттыкка” интервью бергенден кийин окуучуларынын саны өсүп, элге кеңири таанылды.
Кыргыз-тажик чек арасында былтыр сентябрь айында болгон жаңжалга бир жыл толду. Ал күндөрү толугу менен өрттөлүп, быйыл кабылына келтирилген Достук айылына кабарчыбыз барып келди.
Ливиядагы селде беш миңден ашуун киши набыт кетип, миңдеген адам жоголду. Бишкек шаардык соту абактагы Адахан Мадумаров менен Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Казакстанда орусиялык «Камызяки» тобунун концертине каршы петицияга 10 миң киши кол койду.
Мароккодо эки миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган зилзаладан улам үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Өкмөт кышында электр энергиясы тартыш болоорун айтып, үнөмдүү болууга чакырды. Активист Зарина Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып камалды.
55 жаштагы Гүлкайыр Болотбекова үч жылдан бери ак кан менен алышып, ар 10 күн сайын донор канын куйдуруп жашап келет. Бул сейрек кездешкен дарттан айыгуу үчүн көп учурда сөөктүн кемигин алмаштыруу керек. Бирок трансплантация Кыргызстанда жасалбайт.
Орусия дрон чабуулуна кабылып, Москвадагы аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Ошто көкбөрү оюнунан кийин чыккан чырга байланыштуу 25 жаран кармалып, сурак берүүдө. Кыргызстанда 1-сентябрда 150 миңдей бала мектеп босогосун аттап, 1-класска барды.
Нурдан Орунтаевдин Бишкек мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басары катары иштеп баштаганына бир жыл толду. Бул арада ал бир катар чуулгандуу окуяларга кептелди. Азаттык Нурдан Орунтаев менен "Батуми" чыры, мыйзамсыз курулуштар ж.б. маселелер боюнча маек курду.
Бүгүн Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгы белгиленип жатат. Бул ирет негизги майрамдык салтанат Ош шааарында өттү. Запорожьеде айыгышкан салгылаш уланууда. Москва аннексияланган Крымда украин ракетасын атып түшүргөнүн айтса, Киев баш калаага багытталган чабуулдун мизи кайтарылганын маалымдады.
Орусиянын армиясы Киевди тынымсыз аткылап, бери дегенде эки киши набыт болду. Бул арада Орусиянын алты аймагына дрон менен сокку урулганы кабарланды. Кыргызстанда Тик-Токту колдонууга тыюу салынды.
Украинанын чыгышындагы орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде беш жайкын тургун мерт кетти. Ал эми Орусия Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Кыргыз бийлигинин "Клоопту" жабуу аракетин жергиликтүү жана эл аралык уюмдар айыптап жатат.
Украинанын Полтава облусуна жасалган орус армиясынын чабуулунан эки киши набыт болуп, дагы беш киши жараат алды. Райымбек Матраимовдун муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы коомчулукта талкуу жаратты. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу арызы менен сотко кайрылды.
Кыргыз-казак чек арасында кырдаал өзгөргөн жок. Хабаровскиде полициянын рейдинде мигрантка ок атылып, жарат алды. Эки айга камалган Олжобай Шакирге байланыштуу Кыргызстандын жарандык коому бийликке кайрылып, аны бошотууну талап кылды.
Бишкектин борбордук үч көчөсүндө эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксаты жок кошумча курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Ишкерлер бузуу иштери эскертүүсүз, башаламан жүргүзүлүп жатканын айтып жатышат. Мэрия муну калааны көрктөндүрүү жана ирээтке салуу аракети катары түшүндүрүүдө.
Орусия "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү маалымат базаларына кире аларын Кыргызстандагы"Яндекс.Такси.Корп" компаниясы четке какты. Украинанын Покровск шаарындагы ракеталык чабуулдан тогуз киши мерт болду.
Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, турак жай, мал сарайлар жабыркады. Орусияда бычакталган келин жана аны өлтүрүүгө шектелген күйөөсү орус жарандыгын алган кыргызстандыктар экени аныкталды. Келинди күйөөсү балдарынын көзүнчө кызганычтын айынан бычактап салганы айтылууда.
Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза тапкан жигиттин ишин президент жеке көзөмөлүнө алды. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болгонун айтып, акыйкат тергөөнү талап кылууда. Украинага жасалган соңку чабуулдардан бир аял мерт кетип, дагы бир нече жай тургун жарат алды.
Дагы жүктөңүз