"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
27-июнь күнү кечки саат алтылар чамасында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында белгисиз куралчан топ менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү ортосунда ок атышуу болуп, куралчандардын үчөө өлтүрүлдү. Ок атышуу таңкы саат сегизге чейин уланып, куралчандардын дагы эки өкүлү милиция тарабынан колго түшүрүлдү.
Ошто оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаевге үгүт жүргүзүп, анын шайлоочуларга кайрылуу баракчаларын таратып жүргөн жаштарга жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан кысым күчөгөнүн социал-демократтар партиясынын жаштары билдиришүүдө. Бирок оппозиция жаштарынын мындай дооматын жергиликтүү тартип сакчылары жокко чыгарып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп жатканын белгилешүүдө.
18-июнда Оштогу иш сапары маалында президент Курманбек Бакиев студенттер менен жолугушуу ниети бар экендигин билдирген. Ал эми президент менен жолугушчу студенттердин тизмеси мындан бир нече күн мурун эле аныкталган. Азыр алар президентти кантип тосуп алып, кандай суроолорду бериш керек деп кызуу даярдык көрүп жатышат.
Оштогу бир катар ЖОЖдордо студенттер президенттик шайлоого чейин окушат. Мындай чечимди окуу жайлардын жетекчилери кышында электр кубатынын жоктугунан кышкы каникул 15 күнгө узарганы менен түшүндүрүштү. Буга нааразы студенттер окуу жай жетекчилери “Бакиевге жагынып жатышат” жешет.
Быйыл Ош облусунда 15 миңге жакын окуучу мектепти аяктады. Жогорку окуу жайларга кирүү үчүн улуттук тестирлөөгө алардын ичинен беш жарым миңи катышкан. Мектеп бүтүрүүчүлөрү келечек кесибин кантип тандашат?
Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар «Ноокат балдары - 2009» корун түзүштү. Алар былтыр Орозо айт учурундагы тополоңдон кийин камалган 32 адамдын 97 баласы ата, же эне мээриминен ажырап калганын, учурда материалдык камкордукка да муктаж экендигин белгилешүүдө.
Мындан эки жыл мурда кыш чилдеде жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу районунун бир катар айылдарында дале чатырчаларда жашап жаткандар арбын. Кара-Сөгөт айылынын тургундары өкмөттөн бөлүнчү акчаны эмгиче ала албай жатышканын айтышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин жана айыл башчысын паракорлук үчүн айыптап, облустук прокуратурага кайрылышкан.
Оштогу «Адам укугу жана демократия» борбору июндан тарта «Жаштар парламенти» түзүлөөрүн жарыялады. Бул үчүн шаардагы активдүү студенттерди депутаттыкка ат салышууга чакырды. Жаштар парламентине депутат болууну каалаган талапкер 10-июнда студенттердин тандоосунан коюлат. Парламентке шайланган 25 жаш депутат, жаштар көйгөйлөрүн талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун шаар бийликтерине сунуштап турат. Ошто ушул эле максаттын көздөп жыл башында «Жаштардын координациялык кенеши», андан көп өтпөй «Жаш саясатчылар форуму» да ишке киришкенин айтышкан. Эми кезектеги «Жаштар парламентине» жаштардын ишеними болобу?
«Ош шаары Улуу жибек жолунда» аттуу III-эларалык туристтик жарманке өтүп жатат. Мамлекеттик туризм агенттигинин директору Турусбек Мамашев фестиваль жана Кыргызстанды таанытуудагы иштер тууралуу «Азаттыкка» айтып берди.
Түштүктө ушул айдан тарта «Позиция» деген өзбек тилиндеги гезит чыга баштады. Оппозициялык маанайдагы басылманын жетекчилиги укук коргоо кызматкерлери гезитти окурманга жеткирбөөнүн амалдарын көрүп жатышат деп билдирди. Серепчилер болсо басылманы президенттик шайлоодо өзбек электоратынан колдоо табууга аракет кылган оппозициянын “утурумдук гезити” деп эсептешүүдө.
Султан Парманов Тажикстандын Мургабындагы кыргыздардын жашоо-турмушу, райондун жаңылыктары камтылган кыргыз тилиндеги «Сарыкол» деген гезитти чыгарат. Айына бир жолу 800 нускада жарык көргөн басылманын бардык түйшүгү бир гана адамдын мойнунда: гезиттин редактору, корректору, кабарчысы да Парманов өзү. Мургабдан дайыма алыскы Ош шаарына келип гезит чыгарып кетчү журналист «Азаттыкка» маек курду:
Өзгөн шаарынын Куршаб айылында маркум депутат Санжар Кадыралиевдин миңге чукул жердештери чогулуп, депутатты атууга буйрук бергендерди чукул арада табууну бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар Санжар Кадыралиевдин депутаттык мандатын, анын бир тууган иниси Орунбек Кадыраливге өткөрүп берүү өтүнүчү менен өлкө башчысына жана «Ак жол» партиясынын депуттарына кайрылуу жолдошту.
Ош шаар бийлиги соңку айларда мектеп рекетчилиги менен күрөшүүнү кескин күчөтүп, жыл аягына чейин бул көрүнүштөн толугу менен арылууга катуу аракеттенип жатышат. Ал эми окуучулар менен ата-энелер болсо тескерисинче мектептеги салык-салмай, өз ара лидерликти талашмай сыяктуу көрүнүштөр күч алгандыгын, жадагалса мектеп рекеттери өздөрүнүн кылык-жооруктарын мобилдик телефондорго да тартып алып, коомчулука таратуусу көнүмүш адатка айланып баратканын айтышууда.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунун 15 тургуну «Хизб ут Тахрир» партиясынан расмий түрдө баш тартты,-деп билдирди. Жакында эле Жалал-Абат облусунан да аталган партиянын катарынан 50дөн ашуун адам өз каалоосу менен чыгып кетишкени маалымдалган эле.
27-март күнү Алай районунун борбору Гүлчө айылына чогулган 500 ашуун эл мурдагы коргоо министри, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаковго жасалып жаткан саясий куугунтукту чукул арада токтотуу талабы менен чыгышты. Митинг катышуучулары аталган талапты аткарууга бийлике беш күн убакыт беришти. Эгерде Акүй Алай элинин койгон талаптарын аткаруудан баш тартса, анда 2-апрелден тарта борборго карай жөө жүрүш башталаарын, эл Ош-Эркештам авто жолун тосуп чыгышаарын эскертишти.
Оштогу мамлекеттик юридикалык институттун 80ден ашуун окутуучулары ректордун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатат. Болбосо 27-мартта нааразычылык иш-чара башташарын жарыя кылышты.
17-мартта Аксынын тургундары “каргалашалуу окуянын” курмандыктарын эскеришти. Алар алты адамдын өлүмүнө күнөөкөр адамдар жети жылдан бери жазага тартылбай келатканына нааразылык билдиришти.
Ош шаарында ОшТВ телеканалынын башкы оператору белгисиз адамдар тарабынан катуу ур-токмокко алынды. Телеканал жетекчилиги шаардык ооруканада оор абалда жаткан кызматкеринин сабалышын анын түздөн-түз кесиптик ишмердигине байланыштуу деп билдирүү таратты.
Ошто "Ата Мекен" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевди колдоо иретинде «Элдик кор» ишке киришти. «Атамекенчилердин» айтымында, эми Текебаевди колдогон жарандардын баары элдик корго акчалай көмөк көрсөтүп, аны 2010-жылкы президенттик шайлоодо сүрөп чыга алышат.
Орусиянын «Мемориал» укук коргоо борбору Борбор Азияда соңку кездеги адам укугу жаатында артка чегинүүлөргө тынчсыздануусун билдирди. Ал ортодо кыргызстандык укук коргоочулар да Пономоревдун өлкөдөн чыгарылышы, саясий куугунтуктар, Ноокат окуясы сыяктуу чечимдерден улам Кыргызстанды Өзбекстандын ыкмасын колдонууга өттү деп коңгуроо кагышууда. «Азаттык» ушул маселенин тегерегинде оштук белгилүү укук коргоочу Равшан Гапиров менен маектешкен.
Дагы жүктөңүз