"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстандык сүрөтчү Леким Иброхимовдун “Миң периште - бир сүрөт” аттуу чыгармасы Гиннестин рекорддор китебине жана Орусиянын рекорддор топтомуна кирүүгө ат салышып жатат.
Орусияда кыргызстандык мигрант энелер төрөп, таштап кеткен ымыркайлардын таржымалы тууралуу социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров ой бөлүштү.
Атырау шаарында сот көптөн бери аягына чыкпай келаткан ишке чекит коюп, террордук аракеттери үчүн шектелип жаткан 47 адамга катаал өкүм чыгарды. 5 адам өткөн жылдын октябрь айында Атыраудагы жардырууну уюштурганы үчүн айыпталып, 6 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесилди. Калган 42си болсо 5 жылдан 15 жылга чейин абакта отурушат.
Москвалык бир нече фотосүрөтчү Өзбекстандан себепсиз чыгарылган журналист Виктория Ивлеваны жактап, Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин алдына “палоо-пикет” уюштурду.
Жаш кинорежиссер Асел Жураеванын “Мекеге карай жол” деген документалдык тасмасы Парижде өтүп жаткан “Сinema du Reel” эл аралык кинофестивалында көрсөтүлдү.
Жогорку Кеңеш “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга каршы болду.
Сыртта жүргөн кыргызстандык жаштар үйлөнүү үчүн атайын Кыргызстанга барып көп чыгым болбой эле өздөрү жашаган шаарда чакан үлпөт той өткөрүп, баш кошуп жатышат.
Региондогу “салттык ислам” азыр кантип өзгөрүүдө жана ага эмне себеп болуп жатат?
Учурда Чехияда кумарчылыкка күрөш улам курчууда.
Депутаттар мыйзамга "жубайлар үй-бүлө куруу алдында мамлекеттен атайын уруксат кагазын алуусу керек", деп жазмай болушту.
Бишкек ишкерлер клубу кыргызстандык жаштарды бизнес жасоого чакырууда. Клубдун активисттери өлкөдө ишкер болууну модага айлантып, жаштардын калың катмарына бизнес жасоону үйрөтө баштады.
Казакстанда киши колдуу болгон кыргызстандык журналисттин өлүмү боюнча иш жаңы жагдайларга байланыштуу кайра тергелиши мүмкүн.
"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу Кыргызстандагы исламчылар менен теңирчилердин тирешүү себептерине арналды.
Кыргызстандык жаш ырчы Гүлжигит Калыков Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык сынагында баш байгени утуп алды.
Жакында эле ондогон жаш активисттер парламент депутаттарын жердешчилик өнөкөттүгүн күчөтүүдө деп айыптады.
Кыргызстандык саясат талдоочу Санжар Тажыматов Казакстандагы окуялардын кай тарапка өзгөрүп кетээри казак бийлигинен көз каранды деп эсептейт.
Аялды ур-токмокко алган эркектер тууралуу Фейсбукта атайын талкуу уюштуруп, чет өлкөдө окуган жана аймактардагы жаштардын пикирин топтодук.
Султан Каназаров бир жарым жыл президент Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы болуп иштеди. Ал өлкө жетекчисин “үнөмдүү жана күч-кубаттуу президент” деп баалайт. Султан мырза Отунбаеванын эл билбеген мүнөз, жоруктарын “Азаттык” менен бөлүштү.
Бишкекте кыргыз парламентинин демократиялык багыты талкууланып, ага Эстония, Литва, Орусия жана Швеция парламентинин депутаттары катышты.
Дагы жүктөңүз