"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Орозо айтка байланыштуу “Талибан” менен ок атышууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.
4-июнда Кабулда имамдардын жана диний аалымдардын ири жыйыны өтүп жаткан жердеги жанкечтинин кол салуусунан 14 киши каза тапты.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Тажикстанда эркектин бел кубатын көтөрүүчү дарылар доктурдун рецеби менен гана сатылат. Дарыгерлердин пикиринде, антпесе, жаштар андай дарыларды ашыкча колдонуп, ден соолугуна зыяны тийген учурлар да болууда.
Бээжин "Кытай жарандыгынан чыгуунун тартибин бузган" деген жүйө менен кармалган бир нече казакстандыкты бошотту.
Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган активист Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады.
Орусиялык олигарх, Британиядагы “Челси” футбол клубунун кожоюну Роман Абрамович израил жарандыгын алды.
16 жашка толо элек балдардын ата-энесиз мечиттерге, чиркөөлөргө киришине уруксат берилбейт.
Узап бара жаткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Батыш Балканда биринчи жолу саммитке чогулду.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга эки күндүк расмий сапары башталууда.
12-майдагы парламенттик шайлоодо тизмедеги шайлоочулардын 44,5 пайызы добуш берди. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-майда жарыяланышы күтүлүүдө.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Астананын Европа мамлекеттеринин элчиликтери жайгашкан районуна ондогон адамдар жыйналып, саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.
АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкканына карабастан, Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери аны сактап кала турганын билдирүүдө. Дональд Трамп АКШ өзөктүк келишимден чыгаарын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган.
Владимир Путин дагы алты жылга Орусиянын президенти катары ант берди.
Өзбекстанда прокурорлор журналист Бобомурод Абдуллаевди беш жылга түрмөгө кесүүнү, аны менен кошо иши каралып жаткан башка үч айыпталуучуну актоону суранды. Журналист Бобомурод Абдуллаев "Интернетте «Усман Хакназаров» деген тергеме ат менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деп былтыр кармалган.
Армениянын башкаруучу Республикалык партиясы оппозициялык лидер Никол Пашиняндын талапкерлигин премьер-министрликке колдорун билдирди.
2-майда Армениянын бир катар аймактарында бийликтеги партияга каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Оппозициянын айтымында, каршылык жүрүштөрүнүн максаты - мурдагы премьер-министр жана экс-президент Серж Саргсяндын партиясынын өкмөтүн кетирүү, ошондой эле элдик премьер шайлоо.
Дагы жүктөңүз