"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
17-октябрда Алматыдагы бокс дүйнө чемпионатында 116 өлкөнүн алты жүзгө жакын мушкери мөрөй талашууда. Өлкө намысын 9 мушкер коргоп жатат.
14-октябрда Бишкектеги "Ак кула" ат майданында спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча “Манас оюндары” аттуу мелдеш башталды. Анын ачылыш аземине 7 облустун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары катышты. 19-октябрга чейин улана турган спорт оюндарында кыз куумай, тогуз коргоол, күрөш, тыйын эңмей, оодарыш, көк бөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өтөт.
10-октябрда Грекияда самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Бишкекте дзюдо боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.
Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Бишкек шаардык спорт комитети мыктыларды аныктады.
8-октябрда cамбо чеберлери Болгариядагы дүйнө чемпионатынан олжолуу келди. Венгрияда өткөн эл аралык турнирде 6 кыргыз балбаны Гран-при мелдешине жолун ачты.
Бразилияда өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык 15 жигит ара жолдо калып, федерация жетекчилеринин күнөөсү менен катышпай калды.
1-октябрда Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Дүйшөбек Искаковдун "Көл деми" аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.
4-октябрда Болгарияда самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды.2014-жылкы шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогу Бишкек шаарында өтмөк болду.
26-сентябрда Польшадан алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан кыргыз балбандары 10 медал утуп, командалык биринчи орунду алып келди.
25-сентябрда Бишкекте 16 жашка чейинки уландар арасындагы Азия бириничилигине мыктыларды тандоо мелдештери башталды. Мында Кыргызстан, Оман жана Катар өлкөлөрүнүн жаш футболчулары күч сынашууда.
23-сентябрда Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө “Дордой” клубу катышууда.
Футболдон уландар арасындагы Азия чемпионатынын мыктыларды тандоо мелдеши Оштон Бишкекке которулду.
11-сентябрда Астанада көкбөрү боюнча биринчи Азия чемпионаты башталды. Мында 9 өлкөнүн улакчылары мөрөй талашууда.
Быйыл кара тумоого байланыштуу окуяны шылтоо кылып, бул ирет эл аралык Ысык-Көл оюндарына 4 өлкөдөн спортчулар келген жок.
8-сентябрда Аргентинада өтүп жаткан Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында 2020-жылкы олимпиадага күрөш кайрадан кирди.
Бул күндөрү Шри-Ланкада өтүп жаткан шахмат боюнча Азия биринчилигинде Элдияр Орозбаев алдыда баратат.
4-сентябрда эл аралык Ысык-Көл оюндары 13-ирет башталганы турат. Канча өлкөдөн спортчулар келет? Быйылкы оюндардын өзгөчөлүктөрү эмнеде?
Польшада өтүп жаткан дүйнө чемпионатына кыргызстандык кол күрөшчүлөр да катышууда.
29-августта Бишкекте көкбөрү боюнча президенттин кубогунун мелдеши учурунда таластык күйөрмандар калысты сабап салышты.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү Малайзиянын Малакка шаарында өтө турганы такталды.
Дагы жүктөңүз