Максат Кутманбеков "Азаттыктын" кабарчысы, Кыргыз-Орус Славян университетин 2018-жылы аяктаган.
Талас шаарынын тургуну Орозбүбү Байдөөлөтова бөдөнө багуунун жолун өздөштүрүп жатат. Ал бөдөнөнүн жумурткасын, этин дарылыкка колдонот. Андан артканын сатып, киреше табат.
Манас районундагы төрт айылдын элин облус борбору менен байланыштырган жол жыл сайын оңдоодон өткөнү менен көпкө узабай иштен чыккан. Жергиликтүү эл жолдун азабын тартканын айтышууда.
Талас районунун Кырк-Казык айылында велосипедчен фельдшерди айылдын баары тааныйт. Жарым кылым бою бул айылда иштеген Күлийпа Абылаева пенсияга чыкса да андан жардам сурап келгендердин аягы үзүлө элек. Өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү болгон адистин бир күндүк иши тууралуу баян.
Жыгач уста Улукбек Байгараев талаа түздөн таап келген тал-теректер менен жаныбарлардын сөлөкөттөрүн жасайт. Ал эмгектери аркылуу жаратылышта болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып, аны коргоого чакырат.
Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры 27-мартта Курманбек Токтоналиевдин “Дүрбөлөң” чыгармасынын негизиндеги спектаклди эл назарына тартуулады.
Талас районунун Талды-Булак айылынын тургундары каралбай калган имаратты өздөрү оңдоп, спорт залга айлантып алышкан. Ал жерге улгайган аялдар да келип, акысын төлөп машыгып жатышат.
Талас облусундагы Маймак темир жол станциясы учурда ээн. Айылдын жаштарынын көбү жумушсуздуктун айынан миграцияга кетишкен. Жергиликтүү тургундардын басымдуусу станцияда иштеш үчүн казак жарандыгын алышкан.
Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Жылдыз Талгат кызы төрт жыл мурда жергиликтүү жаштар менен биргеликте кайрымдуулук кыймылын түзгөн. Ал кайрымдуу адамдар көбөйүп, "зар болгондорго көп жардам берсек" деп ниет кылып келет. "Азаттык" Жылдыздын бир күндүк иши менен таанышып келди.
Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургундарынын ортосунда жайыт маселесинен улам чыр чыкты. Жердин ээси делген Каныбек Токторалиев айыл тургундарынан коркутуу болуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына жана президент Садыр Жапаровго чейин арыз жазган.
Өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобосунда азыркы Талас облусунун аймагында 68 эски объект болгону айтылат.
Бишкекте, Ошто, Таласта жана Жалал-Абадда Жаңы жылдык балатылар орнотулуп, көчөлөр, кеңселер кооздолгон.
21 жаштагы Бексултан Кудайбергенов тубаса шал оорусу менен төрөлгөн. Ага карабастан шахмат ойноп, анын арты менен көп ийгиликтерге жетүүдө. Мындан тышкары, айылдагы балдарга да шахмат ийримин ачып, алардын бош убактысын текке кетирбей, окуучуларын чоң турмушка шахмат аркылуу дайындагысы келет.
Таласта акыркы жылдары курулган имараттардын сапатына адистер нааразы болуп келет. Алардын бири облустук драм театрдын имараты сапатсыз салынганы, ал аз келгенсип курулушка бөлүнгөн акчалар мыйзамсыз коротулганы айтылган. Имаратты салган “Курулуш-Арсенал БМ” жоопкерчилиги чектелген коомун Өкмөттүн
Азамат Асеин уулу эки жылдан бери Атай Огонбаев мектебинде географиядан сабак берет. Окуучуларды китеп менен гана чектебей, талааларга жана тарыхый жайларга экскурсияга алып чыгып, сабакка кызыгуусун арттырат.
Шайлоого байланыштуу нааразылык акциясы бүгүн Таласта өттү. Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына каршылар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабековду "добуш сатып алган" деп айыптап жатышат. Ал эми Жумабеков өзү мындай айыптоолорду буга чейин четке кагып, элдин тандоосун сыйлоо керекти
Таласта ордо боюнча республикалык мелдеш өттү. Спорт чебери Элүүбай Макешовдун элесине арналган иш-чарага Талас, Чүй, Ош облустары, Бишкек шаарынан барган он команда катышты. Жаштар арасында 1-орунду Талас району, 2-орунду Чүй облусу, 3-орунду Талас облусу ээледи. Ардагерлер арасында 1-орун Талас облусу, 2-орун Ош облусу, 3-орун Талас районунун энчисине тийип, жеңүүчүлөр сыйлык алышты. Ордочулар оюндун өнүгүшүнө мамлекет жетиштүү көңүл бөлбөй келатканын айтышты.
Таластын Үч-Эмчек айылында жашаган Жийдегүл апа 118 жашын белгилеп жатат. Анын кылым карыткан өмүрүнө биринчи дүйнөлүк согуш, экинчи дүйнөлүк согуш, андан башка да көп окуялар туш келди. Учурда небере, чөбөрөлөрүнө азыр узак жашоонун сырларын айтып тажабайт.
Дагы жүктөңүз