"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Ысык-Көл облусунда 300гө жакын киши кулчулукка кабылганын “Данко” бейөкмөт уюму билдирди. Ай сайын 15-20 киши кулчукка сатылаары айтылды.
Ысык-Көл облусунда ала качуудан соңку эки жылда үч кыз өз өмүрүн кыйган. Дагы бир катар кыздардын жүрөгүнө так салынды.
Чек араны мыйзамсыз бузду деп Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургуну 26 баш бодо мал жоготуп, издеп жүргөн жеринен август аягында казак чек арачылары тарабынан кармалып кеткен. Азыркы тапка дейре экөө тең Казакстандын Кеген районунда камакта.
Мышык тамыры деп аталган дарылык касиети бар чөптү өстүрүүнүн кыныгын алгандардын бири - төрт баланын атасы Дүйшөналы Тукебеков.
Ысык-Көл районундагы Темир айылында динге берилген бир үй-бүлөдө мектеп жашындагы эки бала мектепке баруудан баш тартууда.
Ысык-Көл облусунун дыйкандары лизингге алынган комбайндардын сапатына нааразы болууда.
Ысык-Көлдө чек арачынын колунан окко учкан беш адамдын төртөөнүн сөөгү 22-августта жерге берилди.
Эс алуу маалында жүздөгөн адамдар киреше таап алышат. Алардын арасында студенттер да бар.
Футбол боюнча кыздардын “Абдыш ата” курама командасы күзүндө Малайзияда өтө турган Азия оюндарына катышат. Команданын чабуулчусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Айчүрөк Айтбаева кантип футболчу болуп калган?
Алгачкы жыйынтыктарга караганда, уулануу тамак-аштан чыкканы жана ашканада тиешелүү эрежелер сакталбаганы белгилүү болууда.
Ак-Суу районунда өткөн аптадагы жаандын айынан 500 гектар жер жараксыз абалга келди.
Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө айылынын тургундары Тенти Жаманаков аттуу кишинин көчүп кетүүсүн талап кылып, мунун аягы чатакка айланды.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 20 жаштагы Ырыс Касымбай кызы бул дүйнөдөн аша кечти. Акыркы кадамга барууга ала качуу себеп болгону айтылууда.
Кыргызстанда эл аралык Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди.
Драматург Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын режиссер Аманбек Жапаров жакында сахнага чыгарды.
Интернет-дүкөн Кыргызстан турмушуна кире баштады. Интернет жеткен кай жер болбосун дүйнөнүн бардык бурчунан товар сатып алсаңыз болот.
Бишкектин этегиндеги Бакай-Ата конушунан Сезим аттуу 8 жаштагы манасчы кыздын аты жумурай журтка дүң этти.
Караколдогу тоо лыжа базасы деңизден 2300 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Кыргызстандагы бардык талаптарга жооп берген базалардын бири деп саналат.
Ысык-Көлдүн Түп районунда окуучулардын калайман мушташынан 9-класстын окуучусу мерт болду.
Укук коргоочулардын бири Камил Рузиев Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдар жатаканасында оорулуу кыз-келиндер картошка терип, укуктары тебеленип жатат деп билдирди.
Дагы жүктөңүз