"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Эмне үчүн аялзаты шылуундарга көп алданат? Юридикалык сабаттуулукту кантип жоёбуз? "Эже-сиңдилер" телебаарлашуусунун бул жолку чыгарылышында укуктук сабаттуулук тууралуу кеп курдук.
Картөшкөнүн баасы түшүп, нарындык дыйкандардын маңдай тери акталбай калды. Таластагы төө буурчакты тазалап, таңгактаган ири ишкананын эл аралык дымагы. Ошондой эле бул "Данисте" телетоптомунда Тянь-Шань тоо кыркаларында орун алган кыргыздын берметтей көлдөрү тууралуу тасманы көрө аласыз.
Кыргызстандык Чолпон Абдилазизова беш жылдан бери дүйнөдөгү эң мыкты ооруканалардын катарына кирген Сеул улуттук унивеситетинин госпиталынын Эл аралык бөлүмүндө иштеп келет. Чолпондун “Азаттыктын” кабарчылары үчүн тарыхы 1890-жылдарга барып такалган Сеул госпиталына саякатын бул видеодон көрүңүз.
Техника, машина курууну жакшы түшүнгөн жаштар элетте өкмөттөн колдоо күтүп жүрүшөт. Кажы-Сайдагы ачылган сүрөт музейи дүйнөнүн төрт тарабынан белгилүү сүрөтчүлөрдүн эки миңден ашуун эмгектерин топтоду. Сегиз неберени жалгыз тарбиялап, миграциядагы балдарына көмөк берген эненин таржымалы.
Дүйнөдө кадыры, аты бар Сеул ооруканасында иштеген кыргыз келини. Жөө күлүк карыялар. Кайгы кабаттап баскан эне-бала тагдыры. Жер айдап жүрүп короосунан бомба таап алган баткендик дыйкандар. Комузду дуэтке салган шакирттер. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунун мазмунун түздү.
Учурда Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алат.
7-октябрда Кыргызстандын жарандык авиациясынын 85 жылдыгы белгиленет. Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алуу иштерин жүргүзүп келет. Өкмөт 2020-жылга чейин Каракол жана Казарман аба майдандарын оңдоп, ишке киргизүүнү пландап жатат. “Азаттыктын” сүрөт баянынан Казарман аба майданынын азыркы абалын көрө аласыз.
Кыйынчылыктарга карабай бакытка бөлөнгөн үй-бүлө. Элеттен алдыга чыккан спортчу балдар. Бир айда кыргыз жергесин кагазга түшүргөн швейцариялык кыл калемчи жубайлар. Президент Уланбек Эгизбаевге "Эрдик" медалын тапшырды.
Кызды тарбиялоо, үй-бүлөдө кыздарды турмушка даярдоо "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн негизги темасы болду. Студиябыздын коноктору: жазуучу Кален Сыдыкова, психолог Гүлсина Матраимова жана гинеколог Айнура Ибраева. Программанын бул жолку алып баруучусу актриса Шайыр Касмалиева.
Чаң-топуракта сабак окуган токтогулдук наристелер. 23 жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн аял жакындары менен жолукту. Баткендеги күрүч түшүмүнүн түмөн түйшүгү. Дүйнө таймашына жөнөп жаткан шал оорулуу Канат Абдыжапаровдун кайраты көпчүлүк жаштарды таң калтырды. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунда.
Өздөрүнө жумуш ордун түзүп, жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштаган баткендик ардагерлер. Сүттү үй шартында кайра иштетүүнү үйрөнүшкөн нарындык кыз-келиндер. Ушул жана башка баяндар "Данисте" берүүсүнө кирди.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу аземдери, театралдык оюндарында сахна артындагы эмгектер, түмөн-түйшүктөр тууралуу башкы режиссёр Алтынбек Максүтов, башкы редактор, сценарист Кайрат Иманалиев, ДКОнун ачылыш жана жабылуу аземдеринин кийим боюнча сүрөтчү-коюучусу Элвира Султангазиева, Кырчы
Качандыр бир мезгилде жашоо күрүлдөп кайнаган шаарчанын азыр кунары качып турган учуру. Кооз керамика идиш-аяк, таберик буюмдарын жасаган Аравандагы карапачынын өнөрканасы. “Данисте” телепрограммасында ушул жана башка баяндар камтылды.
Балдарга көлдү, тоо-ташты таштандыдан коргоого үндөгөн ыктыярчылар, ат үстүндө ойногон эр жүрөк каскадёр кыз Диана, насыяга коюлган спектакль, төөбуурчакты жыйноо үчүн трактор кураган таластык дыйкан тууралуу баяндар "Данисте" телетоптомунун өзөгүн түздү.
Оор турмушка карабай билимин тереңдетип, эми чет өлкөдөгү иш-чараларга аралашып, эл аралык уюмдардын грантына ээ болгон студенттер жана алардын насаатчысы менен Сабыр Абдумомунов маектешкен.
Жаратман кыздын ишке ашкан кыялы. Каттоосу жок үй-бүлө балдарын мектепке алуу азабы. Нарындын Ак-Сай, Арпа жайлоолорундагы бала бакчалар. "Данистенин" бул жолку берүүсүндө балдар жана алардын билими, өнөр, шыгы тууралуу кеп кылабыз.
“Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунун бул жолку темасы жубайлардын үй түйшүгүн бөлүштүрүүсү тууралуу болду. Эмне үчүн кыргыз коомунда эркектин үйдөгү оокат иштерине аралашуусун өөн көрүшөт? 21-кылымда наристеге кам көрүү, түнү жалаягын алмаштыруу, идиш-аяк жуу сыяктуу иштер жалаң аялзатына жүктөлгөнү т
Элеттеги жаш дарыгерлердин жашоо үчүн күрөшү. Кыргызстанды чет жакта иштеп жүргөн мигранттар өнүктүрөбү? Ооганстандагы согуштан араң аман калган үй-бүлө Кыргызстанда он жылдан бери баш калкалап, качкын макамын күтүп жүрөт. Дүйнөлүк таймашка даярдык көрүп жаткан "калькулятор бала".
Бул жолу “Эже-сиңдилер” телеберүүбүздө күч түзүмдөрүндө иштеген айымдарга арналган теманы алып чыктык. Кыргыз коомунда милицияда, коопсуздук кызматында, коргоо жана көзөмөл органдарында иштеген кыз-келиндерге болгон мамиле кандай?
Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн Орусия талаасындагы оюну. Кыргызстанга келин болгон өзбек келиндери. Элге жетпей, талаага кеткен таза суу. Кесипке үйрөткөн медреселер. Ушул жана башка видеобаяндарды “Данистенин” жаңы чыгарылышынан көрө аласыздар.
Дагы жүктөңүз