"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Газа секторундагы жаңы кагылыштардан жети палестиналыктын жана бир израилдиктин өмүрү кыйылды.
Польша АКШ менен газ боюнча жаңы келишимге кол койду. Ага ылайык америкалык компания Польшаны 24 жыл бою суюлтулган көгүлтүр от менен камсыздоого милдеттенме алууда.
АКШда Конгресске шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болор замат өлкөнүн башкы прокурору Жефф Сешнс кызматын тапшырды. Атайын прокурордун Орусия америкалык шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрүнүн келечегинен айрымдар күмөн санай баштады.
Шайлоонун жыйынтыгы америкалыктардын президентке жана анын саясатына карата мамилесин да көргөзмөкчү.
Кошмо Штаттарда бүгүн Конгресске шайлоо өткөнү турат.
АКШ жана Кытай лидерлери телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп менен Си Цзинпиндин бул жолку сүйлөшүүсү дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын соода тиреши уланып жаткан учурда болду.
АКШда президент Дональд Трамп миграциялык саясатты катаалдаштыруу боюнча жаңы сунушун айтып чыкты.
НАТО бул күндөрү “кансыз согуш” доорунан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат. Буга тушташ Орусия да НАТОнун машыгуусуна жакын жерде өз ракеталарын сынай турганы маалым болду.
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев вице-премьер-министр Зоир Мирзяевди кызматтан четтетти. Өзбек президентинин бул чечими өлкөдө мурда кадимки көрүнүш болгон, бирок азыр адам укуктарын бузуу, бийлигинен кыянат пайдалануу катары саналган окуя менен байланыштуу.
Кошмо Штаттарда бүгүн Питтсбург шаарындагы синагогада ок аткан адам сотко жеткирилгени жатат.
"Кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдыры эми БУУда көтөрүлөт.
Кытайда экономиканын өсүш ыргагы басаңдады. Ага Кошмо Штаттар менен болуп жаткан азыркы соода тиреши да таасир эткенин расмий Бээжин моюнга алды.
Кошмо Штаттар журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү үчүн күнөөлүү саудиялык расмий адамдардын айрымдары аныкталганын жана аларга каршы эми санкция киргизилиши мүмкүн экенин жарыялады.
Дүйнөдө өтө жакырлардын саны азайууда, бирок бул жараян мурдагыдан солгундап кетти. Дүйнөлүк банк акыркы иликтөөсүндө мына ушундай бүтүм чыгарды.
АКШ Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыга турганын жарыяласа, Орусия мындай кадам “опурталдуу” кесепеттерге алып барарын эскертүүдө.
Ооганстан маанилүү парламенттик шайлоо алдында турат. Коопсуздук ишемби күнкү добуш берүүнүн эң башкы көйгөйү бойдон калууда.
Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфердик аймак түзүш үчүн Түркия менен Орусиянын макулдашуусунда каралган мөөнөт аяктады.
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) соңку иликтөөсү дүйнөдө карыздын глобалдык өлчөмү он жыл мурдагыдан 50% көбөйгөнүн көргөздү. Ошол эле учурда мамлекеттердин ээлегинде ондогон триллион долларлык актив бар.
Кытай бийлиги Шинжаңда адал тамак-аштын жайылышына каршы өнөктүк баштаганы кабарланууда.
Кошмо Штаттарда өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Никки Хейли кызматынан кетери күтүүсүздөн жарыяланды. Ал президент Дональд Трамптын карама-каршылыктуу тышкы саясатын ишке ашыруучу негизги аткаминерлердин бири эле.
Дагы жүктөңүз