"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин “тарыхый” деп мүнөздөлгөн жолугушуусу келерки айда Сингапурда өтө турган болду. Саммитти утурлай Вашингтон Пхеньяндын камагынан өзүнүн үч жаранын бошотууга жетишти. АКШ өзү жана Түндүк Кореянын жакынкы коңшулары да алдыдагы саммит Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышына алып барат деп үмүт артууда.
Израил менен Иран бири-бирине ракета атышты. Израил армиясынын билдиргенине караганда, ал Ирандын Сириядагы “ондогон” аскердик жайларына ракеталар менен сокку урду. Израилдин маалыматына караганда, ага чейин Иран анын Голлан дөңсөлөрүн карай жыйырмадай ракета аткан. Аймагы Израил тараптан аткыланганын Сирия да ырастады. Бул окуя Иран менен Израилдин кайым айтышуусу күчөгөн учурга туш келди.
АКШ бийлиги Түндүк Кореянын камагындагы үч жаранын бошотууга “тарыхый”деп мүнөздөлүп жаткан саммитти утурлай жетишти.
Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгаарын жана Иранга каршы экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады.
АКШда бүгүн президент Дональд Трамп өзөктүк келишим боюнча чечимин жарыялаганы жатат. "Вашингтон Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгат" деген кооптонуулардан улам дүйнөлүк биржаларда мунай баасы кымбаттап кетти. АКШнын азыркы президенти өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер кезинен бери эле кескин сындап жүргөн. Келишимге катышкан Европа державалары соңку апталарда Трампты андан чыкпоого ынандырууга аракет кылышса, Иран эгер АКШ мындай кадамга барса өкүнөөрүн эскертип келди.
Бул ирет Эрдоганга атаандаш болом дегендер арасында аял саясатчы да бар.
Иран тышкы иштер министри мындай жарыяны АКШ 2015-жылкы келишим боюнча чечим кабыл алары күтүлүп жаткан учурда жасады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыш сапарында Иран боюнча катаал багытты карманууда.
Брюсселде донор өлкөлөр менен уюмдардын Сирия боюнча эл аралык конференциясы аяктады.
Иран АКШ жана Франциянын Тегеран менен жаңы кеңири келишимди сүйлөшүү мүдөөсүн сынга алды.
Макрон менен Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин тагдырын сүйлөшөрү күтүлүүдө.
Жанкечти шайлоочуларды каттоо борборунда жасаган жардыруудан элүүдөй кишинин өмүрү кыйылды.
Келерки аптада Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери жолугары күтүлүп жатат.
Жаңы лидер маркум Фидель Кастродон калган социалисттик ыңкылапта жеңишке жетүүгө убада берди.
Ал Орусияга каршы киргизилмекчи болгон жаңы санкциялар жөнүндө түшүндүрмө берди.
АКШнын мамкатчылыгына талапкер Майк Помпео Түндүк Кореяга тымызын барганы белгилүү болду.
Сирияга ракеталар менен сокку урулгандан кийин АКШ эми бул өлкөдөгү аскерлерин алып кетеби же калтырабы?
АКШ, Британия, Франция Сирияга химиялык куралдан улам 14-апрелде ракеталык сокку урду.
АКШ президенти Трамп бул тууралуу Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 7де жарыялады.
Мамкатчылыкка көрсөтүлгөн Майк Помпео Орусияга карата катаал турумду карманарын ишара кылды.
Дагы жүктөңүз