«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Казакстандын Актөбө облусундагы атышуулардын катышуучуларын жок кылуу боюнча атайын операциялар аяктады. Бирок чоң шаарга чак түштө куралдуу кол салууга барган топтун артында көп суроолор жоопсуз кала берүүдө.
Сүйүшкөн кыз-жигит 100 метр бийик жардан боюн таштаган окуя Тажикстанда катталды. Ашыктардын бул кадамга барышына туугандар арасындагы никеге тыюу салган мыйзам себеп болгону айтылууда.
Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермегияев коррупция боюнча айыпталып, 9-июнда 14 жылга эркинен ажыратылды.
Беларус жана Орусиянын президенттери газдын баасы боюнча талашты чече алышкан жок. Орус президенти Беларусту айыл чарба товарын көбүрөөк өндүрүп, орус рыногунан азыртан орун табууга үндөө менен чектелди. Беларустун башчысы Александр Лукашенко экономикалык биримдиктеги алака-катышка ичи чыкпай жатканын билдирди. Бул арада Минскиде Путинге каршы “Орусия – бул согуш” деген акция өттү.
9-июнь - Казакстанда Актөбө окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды.
Орусияда эки жыл абакта жатып, жакында эле эки орусиялык адамга алмаштырылган украин учкучу Надежда Савченко Киев тааныбай келаткан "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасынын" лидерлери менен түз сүйлөшүү керектигин билдирди.
Тажик өкмөтү бюджеттен маяна алган кызматерлердин эмгек акысын 60% көтөрдү. Маяна көбөйөт деген тажик президентинин убадасы эки жыл кечигип аткарылмай болду. Жергиликтүү талдоочулар маяна көбөйгөнү өлкө экономикасына оң таасир берет деп баалашууда.
Стамбулда таңкы нөөмөт алмашуудан соң полицияны ташып бараткан автобус жардырылды. Унаага коюлган бомбадан полициянын жети кызматкери жана төрт жөнөкөй жаран көз жумду.
Өзбекстанда орозо айы эл чакырып ифтар өткөрүүгө тыюу салуу менен башталды. Кафе-ресторандарда ифтар уюштурууга чектөөнү өзбек муфтияты жогору бийликтен суранганын ачыкташты.
Казак бийлиги беш айдан бери камакта жаткан ишкерден бийликти күч менен басып алууга аракеттенген, жер боюнча толкундоолорду каржылаган деп шектенүүдө. Казакстандагы белгилүү ишкерге алгач таптакыр башка айыптар тагылган болчу.
"Газпром" менен "Түркмөнгаздын" баа келишими боюнча Стокгольмдо өтө турган соттук угууга бир ай калганда орус тарап түркмөн бийлигин сүйлөшүүгө чакырды.
Бухара шаарында жекшемби күнү өткөн футболдук мелдешти көрүүгө сакал койгон көрүүчүлөр киргизилген жок. Футболго күйөрман болууга келгендердин сакалына стадиондун кире беришинде милиция кызматкерлери көз салып турушту.
Казакстандын Экономика министрлиги 2015-жылы 30 миң адам өлкөдөн биротоло чыгып кеткенин жарыялады. Жергиликтүү талдоочулар алардын басымдуу бөлүгү жогорку билимдүүлөр экенин белгилешет.
Австралиялык Walk Free Foundation эл аралык уюмунун “Глобалдык кулчулук көрсөткүчү” делген изилдөөсүндө Өзбекстан дүйнөдө кулчулук жайылган эң алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.
31-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусия, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын президенттери жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн жолугушту.
Апта башында Тажикстандын Вахдат шаарындагы мектепте 11 окуучу эстен танып ооруканага түшкөн. Мектепте эсин жоготкон окуучулардын экөө азыр да өзүнө келе элек.
14-майда Москвадагы Хованск көрүстөнүндөгү калайман мушташтан жараат алган тажик мигранттары ооруканага кайрылуудан чочулап, үйүндө жашыруун дарыланууда.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Озода Рахмон 29-майда тажик парламентинин Жогорку палатасына сенатор болуп шайланды.
Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.
Казак бийлиги нааразылык митингге катышкан жүздөгөн жаранды камакка алды, ондогон эркин маалымат сайттары жабылды. Бирок элди күч менен тарата берүүнүн кесепети эмнеге алып келет?
Дагы жүктөңүз