"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Тажикстанда кен иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын жергиликтүү жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады. Өткөн аптада жетекчилик көйгөйдү чечүүгө убада бергени менен абал өзгөрүүсүз калууда.
Өзбекстанда балдар телеканалынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Буга каналда көрсөтүлгөн мультфильмдеги өбүшкөн кадрлар себеп болгон.
Казакстанда тейлөө тармагында иштегендер коронавируска каршы эмделбесе, жума сайын ПЧР-тести таза экенин көрсөтүүгө милдеттүү. Бул эреже өлкөдө коронавирустун "дельта" түрү аныкталгандан кийин киргизилди. Ал эми айрым казакстандыктар милдеттүү вакцинация адам укугуна терс экенин билдирип чыгышты.
Түркия 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынарын жарыялады. Жергиликтүү серепчилер чет жактан келген туристтерден талап кылынган чаралар жетишсиз экенин айтышууда.
Быйыл Борбор Азиянын дыйкандары кургакчылык жана суу тартыштыгына кабылды.
Тажикстандыктар Өзбекстанга автоунаа менен атайын уруксатсыз кире албай турат. Ушул айда эки өлкөнүн президенттери көрүшкөндөн кийин деле чек арадагы өткөрүү пункттары ачылбай турганын айтышууда.
Казакстанда күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттаганы байкалууда.
83 миллион калкы бар Түркиядада 14 миллионго жакын жаран коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.
Президент Садыр Жапаровдун Анкарага жасаган расмий визити жума күнү соңуна чыгат. Түрк маалымат каражаттары кыргыз президентинин сапарын кандай чагылдырды?
Президент Садыр Жапаров түрк лидери Эрдоган менен жолугушуусунда аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылды. Бишкек-Анкара соода-сатыктын жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу көптөн берки убаданы бекемдешти. Эрдоган кайрадан “Гүлен кыймылынын” маселесин көтөрдү.
Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы кеңсесинин мурдагы жетекчиси Фахри Солак президент Садыр Жапаровдун Анкарага сапарын утурлай "Азаттыкка" маек курду. Анда эки өлкөнүн экономикалык жана саясий кызматташтыгы тууралуу кеп козголду.
Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында чыккан казакстандыктарды полиция камакка алды. Айрымдарына ири өлчөмдө айыппул салынды.
Өзбекстан менен Тажикстан Самарканд облусунан Пенжикент шаарына чейин темир жол салууну пландаштырууда. Мындан тышкары эки өлкө Бекабад - Канибадам - Кокон темир жол багыты боюнча өтө турган электр линияларын курууну талкуулай баштады.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин Британиядагы хансарайы курулуп бүттү. Жалпы аянты 20 чарчы чакырымды ээлеген хансарай британ ханышасы Елизавета IIнин уулу ханзада Эндрюга таандык болгон.
Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. Ал эми коңшу Казакстанда ысыктан жана кургакчылыктан бодо мал кырылып жатканы кабарланды. Күндүн катуу ысышы Түркмөнстанда да байкалууда.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2-июнда расмий сапар менен Пакистанга барды. Эки өлкө лидерлери экономика, соода, саясат жана инвестиция боюнча келишимдерге кол коеру пландалууда.
Казак бийлиги июнь айынан баштап өлкөдөгү жолдордун 18 бөлүгүнө акы төлөнөрүн билдирген. 30-майда Казакстандын айрым аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары буга байланыштуу нааразылык билдирип чыгышты. Алардын айрымдарын полиция кармап, айыппул салганы кабарланды.
Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекемелердин жана жеке ишканалардын жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Маликгулы Бердымухамедовдун кыркылыгы чыкканга чейин чачтарын алып, топу кийип жүрүүгө милдеттендирилди.
Тажикстандагы "Нахш" алтын кен компаниясынын башчысы, президент Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Нахшов күнөөсүн мойнуна алып милицияга өзү келди. Ал өлкөнүн Дангара облусундагы мушташка байланыштуу издөөдө жүргөн болчу.
Дагы жүктөңүз