"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Өткөн аптада түркмөн полициясы айрым аймактардагы бала бакчаларды тыкыр текшере баштаганы белгилүү болду. Буга балдардын түрк тилинде сүйлөп калганы себеп болгон. Ошондой эле жергиликтүү басылмалар бала бакчаларда түркчө мультфильмдерин көрсөтүүгө тыюу салынганын жазышты.
Соңку жылдары Түркияда сулуулук салондорун ачкан кыргызстандык кыз-келиндер көбөйдү. Салондор чет өлкөлүк жана жергиликтүү кардарларга кызмат көрсөтөт. Пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр сулуулук салондорунун иш тартибин да, ишкердиктин ыргагын да өзгөрттү.
1-марттан тартып Түркия карантин чектөөлөрүн четинен ала баштады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылды. Бирок кечки саат 9дан кийинки комменданттык саат күчүндө калат.
Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштаганын президент Режеп Тайып Эрдоган 1-мартта кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылат.
Дүйшөмбүдө Казакстандын Караганды облусунда былтыр жайында болгон тополоң менен коштолгон чуулгандуу окуя боюнча сот жүрүмү башталды. Жаңжал 62 жаштагы жергиликтүү тургун беш жашар кызды зордуктаганы тууралуу кабардан кийин тутанган.
Бир жыл мурун казакстандык жарандык активист Дулат Агадил Нур-Султандагы абакта табышмактуу жагдайда көз жумган. Анын туугандары "жүрөк оорусунан" каза болду деген бийликтин ырастоосуна ишенбей, Агадилдин өлүмү боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүү талабын коюшкан.
Эл аралык Мунапыс уюму Алексей Навальныйды "абийир туткуну" деп атоодон баш тартты. Ошондой эле бул уюм Навальныйдын штабынын жетекчиси Леонид Волковго алар менен "Твиттерде" "түз сүйлөшкөнү" үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Волков мындай сүйлөшүү болгонун четке какты.
АКШ Конгрессинин өкүлдөрү Грузиядагы оппозиция лидерлеринин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны токтоосуз бошотууга чакырышты. Ника Мелия башкарган партиянын кеңсесинде тинтүү жүрүп, бир нече саясатчылар камакка алынган эле.
Грузин полициясы оппозиция лидери Ника Мелианы 23-февралда таңга маал камакка алган. Кеңсеге кирген полиция күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ чачкан. Оппозиционердин айрым тарапташтары да камакка алынганы кабарланды.
Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагындагы Зост шаарынын полициясы сегиз тажикстандыкка бири-бири менен жолугууга тыюу салды. Алардын мушташы ок атышуу менен коштолгон.
13-февралда Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаров мотоцикл минип баратып, кырсыкка кабылганы тууралуу кабар тараган.
Түркмөнстанда дзюдо боюнча мелдеште атаандашына жеңилип берүүдөн баш тарткан 14 жаштагы Сулaйман Турсунбаев ур-токмоктон кийин каза болгону маалым болду. Маркумдун ата-энеси президент Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылып, уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.
Казакстандын миллионер ишкер жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев анын фармацевтикалык компаниясы тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысын заводго чакырган.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баласы Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады.
23-январдагы каршылык акцияларынан кийин Москвадагы тергөө абактарында орун калбай калды. Кармалгандар бир нече күн вагондордо камалып турган. Ал эми 31-январдагы митингде кармалган жүздөгөн кишини Мокванын сыртындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлгөн.
Президент Режеп Тайып Эрдоган 2023-жылы Түркия мамлекетинин 100 жылдыгынын урматына Айга ракета учура турганын жарыялады. Жергиликтүү компаниялардын жана түрк бийлигинин колдоосу менен ишке ашырыла турган улуттук программа Айда жана космосто илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү пландоодо.
Швециянын соту Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталган "Telia" компаниясынын мурдагы жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырды. Бирок алдыда дагы бир соттук инстанция бар.
Тажикстанда жашап, социалдык тармактардан акча тапкандар эми салык төлөй баштайт. Бул тууралуу өлкөдөгү белгилүү блогер Рафаел Гулов билдирди. Аны өлкөнүн Салык кызматы атайын чакырып, бул кабарды угузган.
2016-жылы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Макс Бокаев 4-февралда Атырау шаарындагы абактан бошотулду. Укук коргоочулар "саясий туткун" деп мүнөздөгөн Бокаевди өлкөнүн булуң-бурчунан ондогон адамдар тосуп алышты.
Дагы жүктөңүз