"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Орусиялык Антонина Зимина жана анын күйөөсү Константин Антонец мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Кылмыш ишин козгоого жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видео тасмага Федералдык коопсуздук кызматынын офицери түшүп калганы себеп болгон.
Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүгө Ооганстандын Улуттук Элдешүү Кеңешинин төрагасы Абдулло Абдулло барды. Эки тарап чек ара көйгөйлөрү жана чөлкөмдөгү терроризм маселелерин талкуулашты.
Британияда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү чыкканына байланыштуу чек араларды жаап, авиакаттамдарды токтотуунун кажети жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюму билдирди.
Грузиянын борбору Тбилисиде коронавирустан дарылаган ооруканаларда орун тартыш болуп жатат. Ал арада Казакстан орус вакцинасын өндүрө баштады. Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаратылыш газын экспорттоону азайтып, алгач калктын муктаждыгын канааттандырууну тапшырды. Ушундан улам күнүнө аймактарга кошумча 7-8 миллион кубометр көгүлтүр от жөнөтүлүп турары айтылды.
Өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов «шариаттын мыйзамдарына каршы келгендиктен» музыкалык карьерасын токтотуп жатканын билдирди.
Өзбекстандын Бухара облусунун тургундары газ жоктугунан улам нааразылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккан жарандар 60тан көп түтүнгө көгүлтүр от бир нече күндөн бери келбей калганына нааразы.
Быйыл май айынын башында Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычындагы дамба жарылганда коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Тажикстандын Ирак менен Кувейттеги элчиси Сириянын бийлиги, Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдөгү качкындар лагерлеринде кармалып турган тажикстандыктарды мекенине кайтаруу маселесин талкуулады.
Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштарын кабарлады. Ага ылайык, алгач ушул айда эки милилон доза вакцина даярдалат.
29-ноябрда укук коргоочу аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күнү айрым казакстандык укук коргоочу аялдар ишмердигинде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып чыгышты.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева "Нур Отан" партиясынан Мажилиске депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлдү.
Өзбекстандын улуттук «Узбеккино” агенттиги өкмөттүн буйругу менен "Сынаган күндөр" деп аталган даректүү тасма тартууга киришти. Анда коронавирус илдети жана анын кесепеттеринен арылуу жолдору баяндалган.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон түрмөдө отургандарга мунапыс жарыялаган. Бирок президенттин ырайымына Тажикстандын мурдагы өндүрүш министри, 29 жылга кесилген Зайд Саидов илинген жок. Экс-министр күнөөсүн мойнуна алып, президенттен ырайым суроодон баш тарткан.
Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда коронавирустан 500дөн ашык өзбекстандык медик көз жумду.
Ферганада Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамдын сот жараяны башталды. Ишти облустук сот 9-ноябрда карай баштаганын жергиликтүү "Дарё" кабар агенттиги маалымдады.
Тажикстандык серепчилер президенттин ар-намысына шек келтирүүнү кылмыш катары эсептеген мыйзамды «саясий мүнөздө» деп сындап жатышат. Буга чейин бир нече киши «президент Эмомали Рахмондун беделине шек келтирди» деген берене менен камакка алынган.
Түркмөнстандык Дурсолтан Таганова акыркы бир нече айда түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларынын активдүү катышуучусуна айланды. Мунун айынан ал Түркияда үч айга камалып, эл аралык уюмдардын колдоосу менен эркиндикке чыккан.
Дагы жүктөңүз