Балыкчы шаарынын тургуну 79 жаштагы аксакал Забирбек Момнов небереси, сегиз жаштагы Ислам менен жашайт. Забирбек карыя кесиби боюнча сүрөтчү. Ал 1970-жылдары Балыкчыга келип, отурукташып калган. Небереси Ислам анын жолун жолдоп, калем-кагазын колунан түшүрбөйт.