«Апам Сириядагы качкындар лагеринде отурат»
Кара-Балта шаарынын тургуну Калича Нышанова учурда Сириядагы Роуш качкындар лагеринде отурат. Ал мындан беш жыл мурда Сирияга уулун кайтарып келүү үчүн кеткен бойдон келе албай калган. 2013-жылы 19 жашында Сирияга азгырылып кеткен уулу Эдилден дайын жок. Качкындар лагеринде отурган апасын Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшүүнү президенттен өтүнүп, анын уулу Шамилбек Нышанов "Азаттык" аркылуу кайрылды.
Чыгарылыштар
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш