Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Садыр Жапаров Тажикстандын тышкы иштер министрин кабыл алды


Сирожиддин Мухриддин жана Садыр Жапаров.
Сирожиддин Мухриддин жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлагандай, жолугушууда Садыр Жапаров чек ара маселесине чекит коюлганын, эми аймактар ортосунда кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгилеген.

Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдыгын билдирди. Ал эки өлкө ортосунда соода алмашуунун көлөмү өсүп жатканын айткан.

Тараптар президент Садыр Жапаровдун алдыда Тажикстанга боло турган сапары талкуулаганы жазылган. Сапардын күнү такталган эмес.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек араны тактоо келишимине кол коюшкан. Мындан кийин Баткенде чек арадагы соңку куралдуу кагылыштан кийин жабык турган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрмө бекеттери кайра ачылган.

Кыргыз тарап чектешкен аймактарда зым тартуу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG