Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Трамп АКШнын Сирияга салган санкцияларын жокко чыгарган жарлыкка кол койду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Сирияга салган экономикалык санкцияларын жокко чыгаруу жарлыгына кол койду. Ак үйдөн билдиришкендей, бул чечим “туруктуулукка жана тынчтыкка карай” жасалган кадам.

“АКШ Сириянын туруктуу, бирдиктүү жана ич ара, ошондой эле коңшулары менен тынч жашаган мамлекет болушун колдоого алууга бекем берилген. Террордук уюмдарга башпаанек бербеген, диний жана этностук азчылыктардын коопсуздугун камсыздаган бирдиктүү Сирия аймактык коопсуздук менен гүлдөп-өнүгүүнү колдойт”, - деп айтылат жарлыкта.

Сириянын мурдагы президенти, Орусиядан башпаанек тапкан Башар Асадга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына карата салынган санкциялар күчүн жоготпойт.

Дамаскка салган санкцияларды жокко чыгаруу ниетин Трамп май айында Эр-Риядда сириялык лидер Ахмед аш-Шараа менен жолугушуу алдында билдирген.

Ак үй сириялык жаңы бийликтин аракеттерине, анын ичинде “Израил менен алаканы жакшыртуу боюнча таамай чечимдерди кабыл аларына” көз салып турарын билдирди.

Сириянын тышкы иштер министри Асаад аль-Шибани санкциялардын алынышы Сириянын экономикасын калыбына келтирүүдөгү тоскоолдуктарды жок кылып, өлкөнүн дүйнө коомчулугуна ачылышын шарттайт деп билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдирүүсүндө мындай жарлык сирия элине “Асаддын катаал режиминин кулашынан кийин жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк берерин” жазган.

“Учурдагы аракеттер Сириянын экономикасына дүйнөлүк соодага кошулуусун шарттап, өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт”, - деди Бессент.

Асаддын режими өткөн жылы декабрда АКШ тарабынан террордук уюм деп таанылган "Хаят Тахрир аш-Шам" (ХТШ) жана анын союздаштары тарабынан кулатылган.

Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Британия жана Орусия да бул уюмду террордук деп тааныйт. Трамптын жарлыгында мамлекеттик катчы Марко Рубиого "Хаят Тахрир аш-Шамдын" макамын кайра карап чыгуу тапшырылган.

Быйыл жыл башында Марко Рубио Сириядагы убактылуу өкмөттү колдоого чакырып, экономикалык өнүгүүнү колдон чыгаруу “кеңири масштабдагы толук кандуу жарандык согушка” алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG