Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 3-5-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 35…40°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41° чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин жогорулайт.
Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда организмди ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу сунушталат.
Аба ырайы
2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 30…35;
Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32…37;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19...24, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.
Шерине