Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

"20 млн доллар төлөдү". Чаткалда алтын казган эки компаниянын үлүшү мамлекетке өтөт


Чет өлкөлүк инвесторлор иштеп келген кендердин үлүшү кандай негизде мамлекетке өтөт?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткалдагы Иштамберди жана Жамгыр кенинин 30 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Ташиев Чаткалга сапары учурунда жарыялады. Убагында аталган эки алтын кен боюнча нааразылыктар көп катталып, алар экологияга зыян алып келип жатканы айтылган эле.

20 млн. доллар төлөгөн Full Gold Mining

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-июнда Чаткал районуна атайын кызматтын имаратын ачканы барып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу учурунда эки алтын кенге байланыштуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, Чаткалдагы “Иштамберди” кенин иштеткен Full Gold Mining компаниясынын 30%, ал эми “Жамгыр” кенинде алтын казган Vertex Gold компаниясынын үлүшүнүн 30-40% мамлекетке өтүп жатат.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Full Gold Mining деген компания болгон. Азыр деле бар. Алардын жасаган иштерин карап чыгып, көп мыйзам бузууларын таап, 30% мамлекетке өткөрүп жатат. Биз көзөмөлдөп турабыз. Андан тышкары кетирген кемчиликтери үчүн 20 млн. доллар акчаны төлөдү. Бул деген 1,7 млрд. сом. Алардын акчасын мамлекетке өткөздүк. Ушул жерде Vertex деген компания бар. Анын да жок дегенде 30-40% мамлекетке өткөзөбүз. Алардын да бузууларын таап, мурдагы кирешелеринен жанын сууруп туруп элге беребиз. Мындай кылбасак болбой калды. Себеби дегенде элдин байлыгын талап-тоноп жеп кетип жатышат”.

Ташиев Full Gold Mining кандай мыйзам бузуулары үчүн мамлекетке 20 млн. доллар төлөмөр болгонуна кенен токтолгон эмес.

Бирок жергиликтүү тургундар, экологдор, Жогорку Кеңештин депутаттары Чаткалдагы Иштамберди кенин казган кытай жарандарына таандык Full Gold Mining компаниясынын ишин көптөн бери сындап келатат.

Жада калса андагы мыйзам бузууларды негиз кылып, алтын кенди улутташтыруу демилгеси да айтылган.

Чаткалдагы Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Мирлан Мырзаев Иштамберди алтын кенинде ондогон эреже бузуулар аныкталганын айтып жатат.

“Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев текшерткенде 100дөн ашык мыйзам бузуу аныкталган. Мисалы, курулуштардын долбоорлору болгон эмес жана экспертизадан өткөн эмес. Башаламан кылып эле кура беришкен. Тоо иштери талапка жооп бербейт. Экологиялык жактан да бузуулары көп. Калдыктарды сактаган жайы да туура эмес курулган. Бул компания боюнча көп маселе көтөрүп, көп ызы-чуу болду. Жумушчуларын да жакшы карашпайт. Алтынды жашыруун алып кетип жүрүшкөнүн да жергиликтүү тургундар жакшы билет", - деди Мырзаев.

Иштамберди алтын кени 2008-жылы "Кен байлыктарын инвестицияларга алмашуу" деген программанын алкагында Full Gold Mining команиясына берилген. Келишимге ылайык, кытайлык компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.

Документтеги шарттарга ылайык, компания 2009-жылы Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 50 чакырымын өз эсебинен асфальттап берген. Бул жолдун долбоору 25 млн 300 миң долларга бааланганы жарыяланган.

Full Gold Mining компаниясынын негиздөөчүлөрү жана жетекчилиги
Full Gold Mining компаниясынын негиздөөчүлөрү жана жетекчилиги

Расмий маалыматка ылайык, Иштамбердиде 40 тоннадай алтын бар. Бирок жергиликтүү тургундар кенде кеминде 80 тоннадай алтын жатышы мүмкүн деп боолгоп жүрүшөт.

Ээси издөөгө алынган Vertex Gold

Ал эми Ташиев сөз кылган Vertex Gold компаниясы Чаткалдагы “Жамгыр” кенинде алтын казып келет. Ал Кыргызстанда 2013-жылы катталып, түзүүчүсү катары Федор Курканин жана "Vertex HOLDING" деген компания турары жазылган. "Vertex HOLDING Казакстандагы эң бай адамдардын катарына кирген Владимир Жуманбаевге тиешелүү компаниялардын бири.

УКМК 2024-жылы июнь айынын башында Владимир Жуманбаев "Агайындар" (“Братский круг”) эл аралык кылмыштуу тобуна кирген “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турганы аныкталганын билдирип, эл аралык издөө жарыялаган.

Көп өтпөй эле атайын кызмат Жуманбаев Кыргызстанга келип, бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Жыйынтыгында Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу казакстандык ишкерге мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганы кабарланган.

Азырынча Юстиция министрлигинин сайтында казактарга таандык Vertex Gold жана кытайларга тиешелүү Full Gold Mining компанияларынын негиздөөчүлөрү өзгөрүлө элек.

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөн Камчыбеков алтын кендерде мамлекеттин үлүшү болушу керектигин айтып, 2022-жылы кол коюлган мыйзамды эске салууда. Ага ылайык, алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 30% болушу керектиги да жазылган.

Дүйшөн Камчыбеков
Дүйшөн Камчыбеков

“Азыркы мыйзам боюнча, мамлекет лицензия берип жаткан учурда талап коюп, кеминде 30% үлүшкө ээ боло алат. Бирок биз сөз кылып жаткан эки компания бул мыйзам кабыл алынганга чейин эле иштеп жүргөн да. Эми мамлекет сүйлөшүү жолу же талап кылуу менен гана үлүшүн ала алат. Анын процедуралары бар да. Алардын негиздөөчүлөрү чогулуш өткөрүп, ошол жерден Кыргызстанга бере турган үлүшү боюнча чечим кабыл алат. Анан тиешелүү документтер биздин Юстиция министрлигине тапшырылып, мекеме юридикалык жактан бекитип берет. Бул соңку кадам болот", - деди Камчыбеков.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Чаткал районунда алтын казган же чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниялар көп.

Көп учурда мындай компаниялар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ар кандай окуялар менен коштолуп келген.

Ташиев: Алтын казган эки компаниянын үлүшү мамлекетке өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG