Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Термезди ракета менен атууга аралашкан деп айыпталган өзбек жараны 16 жылга кесилди


Ооган-өзбек чек арасындагы "Достук көпүрөсү"
Ооган-өзбек чек арасындагы "Достук көпүрөсү"

Өзбекстанда Кашкардарыя облусунун 46 жаштагы тургуну, бир катар эл аралык террористтик уюмдардын ишине, Ооганстандан Өзбекстандын аймагын аткылоого аралашкан деп айыпталган Обид Сапаровго сот чечими чыкты.

Өзбекстандык медиа каражаттары Сапаровдун ишин караган соттун материалдарына таянып жазгандай, ал 2013-жылы Кашкардарыяда "Жихадчылар" диний-экстремисттик тобун уюштуруп, "Түркстан ислам кыймылы" (кийин "Вилаят Хорасан ислам мамлекети") террордук уюмунун активдүү мүчөлүгүнө чейин жеткен. Сапаров согушкерлердин ишмердигине аралашуу үчүн Орусиянын, Азербайжандын, Ирандын, Ооганстандын, Пакистандын чек араларын бир нече кесип өткөн.

Тергөө Сапаров согуштук диверсиялык даярдыктан өтүп, Пакистандын, Ооганстандын жана бул өлкөдөгү АКШнын мурунку күчтөрүнө каршы кармаштарга катышканын аныктаган. 2016-жылдан 2024-жылга чейин "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобунда жүрүп, адамдарды азгырууга, логистиканы түзүүгө, медиа пропаганда жана террордук иштерди даярдоого аралашкан.

2022-жылы 5-июлда Ооганстан тараптан Термезди ракета менен аткылоого аралашкан. Термезге беш снаряд эл жашаган кварталдарга, шаардын санитардык кызматынын аймагына түшүп, жергиликтүү тургундарга бир топ залакасы тийген. Тергөөдө аныкталгандай, Сапаров ИМдин лидерлеринин биринин көрсөтмөсү менен реактивдүү снаряддарды сактоого, ташууга жана атууга даярдоого аралашкан.

Сапаров быйыл январда Пакистанда кармалып, Өзбекстанга эстрадицияланган. Сотто ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, мурда-кийин соттолбогонун, үй-бүлөсү бардыгын эске алууну өтүнгөн.

Коңшу өлкөнүн соту Кылмыш кодексинин алты беренеси менен аны айыптуу деп таап, 16 жылга абакка кести.

Шерине

XS
SM
MD
LG